Кара-Балтада таштандылар тазаланбай, шаар тургундары нааразы
Кара-Балта шаарынын тургундары barometr.kg сайтына кабарлашкандай, калаанын көчөлөрү таштандыдан арылбай жатат. Бул боюнча сүрөттөрдү калаа тургундары 11-мартта редакцияга жөнөтүштү.
“Шаарда таштанды тазаланбайт.Качан гана сүрөткө тартып сайттарга чыгаргандан кийин келип тазалап кетишет да, кайра эле унутуп коюшат. 4-мартта сайттарга чыгаргандан кийин 7-мартта келип тазалап кетишкен, бүгүн 11-мартта кайра таштанды толуп калды. Күнүгө тазалап турууга болбойбу, шаар бюджети кайда кетип жатат?”,-дейт сүрөт жиберген шаар тургуну Самара.
Буга чейин да массалык маалымат булактарында Кара-Балта шаары таштандыга көмүлдү” деген маалымат чыгарган. Анда дагы шаар көчөлөрүндөгү тазаланбай турган таштандыларды көрүүгө болот.
Бирок, Кара-Балта шаарынын мэриясынан МККларга таштандылардын тазаланган сүрөтүн жөнөтүшкөн. Ал эми жергиликтүү тургандар мэрия бир жерди тазалап суротко тартып редакцияларга салып коет. калган жерлер калат ошо бойдон эле деген маалыматты айтышты.
Эске салсак, Кара-Балта шаарындагы таштанды маселеси бир канча жылдан бери шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратып келет. Кара-Балта шаарын 2011-жылдан бери Данияр Шабданов башкарат.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-baltada-tashtandylar-tazalanbaj-shaar-turgundary-naarazy
Добавить комментарий ×