Кара-Балтада аял өзүн карабин менен атып салды, артында 7 айлык кызы калды
Кара-Балтада аял карабин мылтыгы менен өзүн атып салды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
11-апрелде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага суидцид фактысы боюнча маалымат түшкөнү тууралуу кабар келген.
Окуя болгон жерге дароо барган ыкчам иликтөө тобу 11-апрелде болжол менен саат 14:00дө 31 жаштагы Х.М. курал колдонуп өз жанын кыйганын аныктады.
Алдын ала маалыматтарга караганда аял өзүнүн сол көкүрөгүнө аткан жана эсине келбей көз жумган. Өлөр алдында аял кат жазып анын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү суранган.
Симонов өзүн-өзү кубаттоочу карабини документ боюнча аялдын кайынатасы 59 жаштагы Х.В.га таандык.
Кайынатасынын айтымында курал дайыма сейфте сакталчу. Ошол күнү келини аныкына конокко келип кандайдыр бир жол менен ачкычын уурдап алган жана жанын кыйган.
Аялдын жолдошу экөөнүн 7 айлык кызы бар экени аныкталды.
Иликтөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-baltada-ayal-zn-karabin-menen-atyp-saldy-artynda-7-ajylyk-kyzy-kaldy
Добавить комментарий ×