Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды
Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМ нин басма сөз кызматынан билдиришти.
10-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткен.
2018-жылдын 17-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 45тей куткаруучу издеген.
Издөө иштеринин натыйжасында, 2018-жылдын 17-июль күнү саат 15:38де маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-balta-suusuna-agyp-ketken-zharandyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×