Каптагаев: “Кыргызстан” партиясы БШКнын каалгасынан 18:00гө чейин эле кирсе керек

25 август 2020 17:34 8342 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгерде саясий шайлого аттанган саясий партиялары документтерди тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын каалгасынан 18:00гө чейин каалгадан кирүүгө үлгүрсө БШК документтерди кабыл алууга милдеттүү. Бул тууралуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев “Фейсбук” баракчасына жазды.

Каптагаев муну шайлоодо добуш берүү саат 20:00дө аяктарын айтып, бирок добуш берүү үчүн каалгадан кирген шайлоочуларга саат кечки сегизден өтүп кетсе деле уруксат берилген көрүнүш менен салыштырган.

"Кечинде бул жерде жазып жатышпады беле –  саат 18:00дө Боршайкомдо башкы каалга жабылып, эч кимди киргизбей калды, бирок Социал-демократтар партиясы 18:01де келип, документтерин терезеден берип жиберишти - деп. Анан Улукбек Кочкоров келди, аны киргизбей коюшту - деп, фото-сүрөттөр да бар болчу. Анан кантип "Кыргызстан" партиясы 18:01де кирип кетти? Коошпой турат ушул жер... Менимче, бир топ партиялар, анын ичинде "Кыргызстан" дагы саат 18.00 болгончо (балким 2-3 мүнөт калганда) башкы каалгандан киришкен. Бирок, ичиндеги Коопсуздук кызматы турган тосмодон саат 18.00дө же бир мүнөт өткөндө ары карай киришкен. Катталып, киргенче убакыт өтөт. Териштирүудө, талдоодо ушул жагдайды да эске алуу зарыл го дейм. Шайлоо учурунда деле ошондой да, саат 20:00дө каалга жабылат, ага чейин шайлоо участкасынын ичине киргендерге добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет, ошондо мыйзам боюнча добуш берүү 20:00дө бүтөт дегенине карабастан добуш берүү адатта кечки сегизден он-онбеш мүнөт өткөнчө болот. Бул жерде деле ошол принцип иштеши мүмкүн. Ким саат 18.00гө чейин каалгадан кирүүгө үлгүрсө Боршайком документтерди кабыл алууга милдеттүү дегендей", – деп жазган Каптагаев.
Белгилей кестек, 24-мартта “Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди кеичгип келгендиги тууралуу маалымат тараган.

Партиянын лидери Канатбек Исаев 25-августта маалымат жыйын өткөрүп, бардык документтер өз убагында берилгенин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kaptagaev-kyrgyzstan-partiyasy-bshknyn-kaalgasynan-1800g-chejin-ele-kirse-kerek



Добавить комментарий