Каныкей Кубанычбекова ок аттуу боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды

22 июнь 2021 13:15 2333 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Спортчу Каныкей Кубанычбекова ок аттуу боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барметр” билдирет.

Спортчунун жолдомого ээ болгону ВП-6 көнүгүүсүдө онлайн жана оффлайн өткөн эл аралык мелдештерден кийин белгилүү болгон.

"Лицензия алууга квалификациялык чакан стандарттарды (MQS) Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжанда өткөн эл аралык турнирлерге катышып аткарганы да жардамын тийгизди. Рейтингде ортодон жогору орунга жетишкен жыйынтыктары үчүн Кубанычбекова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды", — деп айтылат маалыматта.

Каныкей Кубанычбекова көптөгөн эл аралык мелдештерде баш байгеге ээ болгон.

Каныкей 2020-жылдагы Кыргызстан Кубогунун ээси, 2021-жылдагы Кыргызстан Кубогунун лидери.

2017-жылы Каныкей Интерсшот эл аралык турниринде (Амстердам, Нидерланды) Кыргызстан үчүн коло медалды жеңип алган.

Ошондой эле, спортчу ок атуу боюнча өспүрүмдөр командасынын башкы машыктыруучусу.

Ал спорттун ок аттуу түрү боюнча Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган алгачкы кыргыз спортчу болуп калды.

Ссылка: https://barometr.kg/kanykej-kubanychbekova-ok-attuu-boyuncha-olimpiada-oyundaryna-zholdomo-aldy



Добавить комментарий