Каныбек Иманалиев: Жаңы Конституцияны кабыл алсак укутук жактан да артка кеткен болобуз

18 ноябрь 2020 15:28 2915 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорго каршы экенин айтып чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү соцтармактагы баракчасына түз эфир учурунда билдирди.

Каныбек Иманалиевдин айтымында, коомчулукка сунушталган жаңы Конституция эң сабатсыз жана караңгы жазылган.

“Кыргызстанга эркиндик эмес диктатура алып келе турган конституция ушул. Биз ансыз да Орто Азияда экономикасы жагынан эң артта калган мамлекетбиз. Эми укуктук жактан да артка кетип жатабыз.

Мурунку президенттер депутаттарды УКМК тарабынан куугунтуктап келсе, жаңы жазылган Баш мыйзамда эми түздөн-түз элдик курултай аркылуу парламентти кетире алат жана куугунтуктай алышат. Эгер, биз бул Конституцияны кабыл алсак, дудук депутаттардан болобуз. Ансыз да президенттен корккон депутаттар, эми күн карама болуп, ооз ача албай калат.

Ал эми, бул мыйзамды жазууга бир да депутат катышкан жок. Бизге даяр эле алып келишти.  Билбейм, Садыр Жапаров кайдан эксперт алып келип жаздырганын. Мен ойлоп жатам бул мыйзамды Түкмөнстандын эле адистери жазган го деп.

Биз жан үрөп, бул Конституциянын кабыл алынышына каршы турушубуз керек. Биз оор учурда турабыз. Кыргызстан жол тандоо алдында турат. Биз дүйнөлүк аренада шылдың болбой турган жолду тандашыбыз керек”, - деди Иманалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-imanaliev-zhay-konstituciyany-kabyl-alsak-ukutuk-zhaktan-da-artka-ketken-bolobuz



Добавить комментарий