Иманалиев: "Дүйнөгө белгилүү жазуучулар падышаларды жазып атактуу болсо, Айтматов жөнөкөй адамдарды баатыр кылып таанылды"

22 октябрь 2018 15:45 1963 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев кеменгер адамдын касиети өлгөндө дагы тирүү адамдай тассир эте аларын айтып, Чынгыз Айтматовдун жана ал жараткан чыгармаларынын бир катар өзгөчөлүктөрүн таамай, таасын чечмелеп берди. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңеште өткөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда айтты. Ошондой эле ал Айтматовдун адеп-ахлак темасын чагылдырышына токтолуп, Айтматовдун абийир, адеп-ахлак кодексин эч ким өзгөртө албастыгын, ал ошонусу менен түбөлүктүү экендигин баса белгиледи.

“Дүйнөгө атагы чыккан жазуучулар королдорду, падышаларды, хандарды жазып белгилүү болсо, Айтматов жөнөкөй адамдарды баатыр кылып, дүйнөгө таанылды. Бүгүнкү күндө көркөм чыгармалардын дээрлик көпчүлүгү окулбай калган учур болсо, Айтматовдун чыгармалары азыр дагы актуалдуу. Улам окуган сайын адам өзгөрөт”,- дейт эл өкүлү.

Депутат К.Иманалиев сөзүн улап согуш темасында кимдер гана чыгарма жазбагандыгын, ошол эле маалда Айтматовдун согуш темасындагы жазган чыгармаларында бир дагы от атылбастыгын, Толгонайдын образы аркылуу эле канмайдан сүрөттөлгөн чыгармалардан алда канча күчтүү чыгарма жарата алгандыгын дагы бир өзгөчөлүк катары белгиледи. Анын сөзүнүн кудурети ушундай, бир катар чыгармалары менен баскынчы фашизмди сындап келсе дагы, Айтматовдун чыгармаларын немис эли көп окуган. Бир топ китептери бир нече жолу басылып немис окурмандарына тартууланган. Депутаттын пикиринде, Айтматовдун дагы бир өзгөчөлүгү анын чыгармаларынын георгафиялык чексиздигинде. Чыгармаларда Таластын Шекеринен тартып, Орусиянын, Германиянын жерлери жана космоско чейин сүрөттөлөт.

“Ч.Айтматов билингвист жазуучу,- деген депутат Каныбек Иманалиев адабият айдыңына маңкурт, руханият, инсан сөздөрүн киргизгендигин айтып, - Бир эле маңкурт сөзү үчүн Ч.Айтматов адабият тармагында калуугу укуктуу”, - дейт. Ошону менен катар, ал Айтматовиада дүйнөсү пайда болгондугуна токтолду. Депутат Айтматовдун чыгармалары театр, опера, балет, сүрөт жана башка искусство тармактарына жайылтылып, Айтматов аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк руханий бийиктикке чыга алгандыгына мисалдарды келтирди.

Сөзүнүн акырында депутат Каныбек Иманалиев залкар жазуучубуз дүйнөлүк классиктердин катарында турарын баса белгилеп: “Кыргыздын жери керемет, кыргыздын көлү керемет, кыргыздын сөзү керемет, кыргыздын Манасы керемет, кыргыздын Айтматову керемет. Биз ушундай кереметтерибиз менен сыймыктанабыз”, - дейт.

Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-imanaliev-djng-atagy-chykkan-zhazuuchular-padyshalardy-handardy-zhazyp-belgil-bolso-ajtmatov-zhnkj-adamdardy-baatyr-kylyp-djng-taanyldy



Добавить комментарий