Каныбек Иманалиев : "Үч күндөн бери жүк ташыган унаалар турат"

2 июнь 2020 17:29 1100 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Каныбек Иманалиев: “Казакстан менен чек арабызда үч күндөн бери жүк ташыган унаалар турат. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы эл аралык ишмердүүлүккө тиешелүү маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштайм”, – деди. 

Депутаттын айтымында Өкмөт ыкчам түрдө ЕАЭБдин катчылыгына нота жибериш керек. “Муну менен катар мамлекеттик чек арадагы абал чечилмейинче аталган биримдикке тиешелүү бардык маселени кароону комитет четке кагышы зарыл”, – деп кошумчалады.

Комитет төрагасы Исхак Пирматов Каныбек Иманалиевдин сунушун добушка салып, депутаттар толук колдошту.

Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-imanaliev-ch-kndn-beri-zhk-tashygan-unaalar-turat



Добавить комментарий