Каныбек Иманалиев: бизде шайлоодо молдоке менен бандиттерге таянышат
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү дүйнөнүн башка мамлекеттеринен кандай айырмалана турганын айтып берди.
Парламентте “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине, Административдик-процесстик кодексине”)” Мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда кароого жөнөтүлдү.
“Шайлоо боюнча дүйнөдө үлгү катары үч эле нерсени карманышат. Лидерлердин дебаты, шайлоо программасы, шайлоо долбоору. Кыргызстанда ушул нерсенин бирөө дагы жок. Бизде төрт дөө кармашат. Акча кармашат, админ ресурс кармашат, молдокелерди анан бандиттерди кармашат. Биз муну менен жакынкы беш жылда өнүккөн өлкө кура албайбыз. Шайлоо өткөн сайын шайлоо кымбаттап, адамкерчилик арзандап баштады. Мындай боло берсе, жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанда түз жүргөн, билимдүү, патриот бирок акчасы жок киши депутат болуп келе албайт. 10-15 жылдан кийин Кыргызстанда олигархиялык охлократиялык топ гана Кыргызстанды башкарып калат. Ушул мыйзамды түптамырынан өзгөртүү үчүн менин үч кошумчам бар. Өзүбүздү өзүбүз алдабайлычы.
Кыргызстанда кайсы аким жакшы иштейт десеңиз, өкмөттөн айтышат “шайлоодо эң көп добуш алып берген аким” деп. Аз алганы кызматтан кетет. Ошону өзүбүзгө өзүбүз калп айтпайлы да. Фундаменталдуу чечебиз десек, биринчи аким кабинетинде ушул партияга добуш бер деп айтса ошол түздөн-түз шайлоого кйилигишкен болуп, административдик жаза эмес, кызматтан кетип кылмыш иши козголуш керек. Ушуну киргизе алабызбы?
Экинчи — айыппул 30 миң сом деп жатабыз. 30 миң бул 10 шайлоочунун акчасы. Ошол партия экинчи жерде кармалса 60 миң, үчүнчү болсо 90 миң болуп көбөйүп отуруш керек. Партиянын чөнтөгүнө сокку уруш керек. Үчүнчү — ошол эле партия 10дон ашык участкада акча менен добуш сатып алып кармалса ал партиянын талапкерлиги тизмеден алышыны керек. Ошондой инцидент болгондо гана сапаттуу шайлоо өтөт”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-imanaliev-bizde-shajloodo-moldoke-menen-banditterge-tayanyshat
Добавить комментарий ×