Каниметов Мирлан: ССМнин карантин талаптарын бузган жарандар жазаланат

27 май 2020 13:39 953 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ӨА жана ӨК киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантинде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт. Алардын ичинен 98 жаран КР Бузуулар, жоруктар жана кылмыш-жаза кодексине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Каниметов Мирлан билдирди.

Ал ошондой эле, 44 жаранга 129 000 сомго айып пул салынып, калган 54 учур боюнча жаза сот тартибинде каралат, анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын айтты.

"Бардык жарандарды ССМнин карантин боюнча көрсөтүлгөн талаптарын бекем сактоого чакырабыз", - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kanimetov-mirlan-ssmnin-karantin-talaptaryn-buzgan-zharandar-zhazalanat



Добавить комментарий