Кандуу кырсыктан 43 бала жан берди
Польшадагы окуучуларды ташуучу автобустун бири жүк ташуучу унаа менен кагышып, анын натыйжасында 43 бала жана 5 чоң адам каза болду.
Окуя кече 8-июнда Закопани жана Варшава шаарларынын ортосунда болгон. Варшавадагы гимназиялардын биринин 7-классынын окуучулары экскурсиядан кайтып келе жатышканда, аларды ташып келе жаткан автобус менен жүк ташуучу унаа бетме бет кагышкан.
РИА новостинин маалыматына караганда, унаалардын ичинен жабыркагандарды алып чыгуу үчүн тез жардам кызматынын 8 бригада, 5 медициналык авиациянын тик учактары жана куткаруучулар тартылган. Учурда дагы 4 адам оор жарааты менен ооруканада жаткандыгы кабрланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kanduu-kyrsyktan-43-bala-zhan-berdi
Добавить комментарий ×