Канат Исаев: “Кыргызстан” партиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышат
“Кыргызстан” партиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышат. Бул тууралуу партиянын лидери, парламенттин депутаты Канатбек Исаев билдирди.
"Кечээ, 26-февралда биздин “Кыргызстан” саясий партиябыздын Ош шаардык аймактык уюмунун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга мени менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков жана Алмазбек Токторов дагы катышты.
Аталган жыйынга 60 делегат чакырылган. Иш-чаранын күн тартибинде негизги маселе катары үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде боло турган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу демилгеси карадык. Делегаттар “Кыргызстан” саясий партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу чечимин бир добуштан колдошту. Ага катыша турган 55 талапкерди жактырышт", - деп жазды Исаев социалдык тармакта.
Добавить комментарий ×