Каналга түшүп кеткен баланы ИИМдин астындагы Академиянын курсанттары куткарып калды
Ички иштер министрлигинин алдындагы Академиянын 2 курсунун курсанттары Алымкулов Ислам жана Артыкбаев Дастан каналга түшүп агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.
Окуя 3-августта саат 16:00 чамасында Аламедин-1 кичи районунда болгон. Курсанттардын айтымында, каналдан алыс эмес жерде турушкан. Бир убакта жардам сурап чакырган кыйкырыктан улам, баланын сууга агып бара жатканын көрүшкөн. Катуу агымга карабастан баланы куткарып калуу үчүн сууга секиришкен. Ушул убакта 102ге каналга бала агып кетти деген чакырык түшкөн. Куткаруу тобу келип, тез аранын ичинде жакынкы Чүй облусттук ооруканасына жеткирилген. Маалыматка ылайык, 9 жашар Рахат аттуу балага медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда доктурлардын кароосунда.
Добавить комментарий ×