Кыргызстандын ѳкмѳтү Stans Energy Corp менен дагы арбитражда соттошот
Арбитраждык соотто Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон King&Wood Mallessons LLP компаниясынын ѳкүлү Андрей Яковлев Stans Energy Corp канадалык компаниясынын арыз доосу тууралуу маалымат берди.
Жакында арбитраждык сот канадалык компаниянынын пайдасына 2009-жылы 300 сомго Куттесай үчүн алган лицензияны жараксыз деп тапканы үчүн Кыргыз ѳкмѳтүн 24 млн доллар ѳлчѳмүндѳ акча каражатын тѳлѳѳгѳ милдеттендирди.
Яковлев Кыргыз ѳкмѳтүнүн коргоо чарасында адилеттүү чечимдерге жетүүгѳ аракеттенерин баса белгиледи.
«Эл аралык арбитраж Кыргыз Республикасындагы “Стэнс Энержи Корп” жана “Кутисай Майнинг” 6% дай талаптарын канааттандырды, бул эки компаниянын кен чыккан жерлерди иштетүүгө түздөн-түз Кутесай-2 менен Калесай чыгымдардын айрымдарын компенсасиялады. Бирок бул эки компаниянын башка талаптарынан баш тартты. Талаптардын бири 2018-жылдагы апрель айындагы угууда “Стенса” 340 млн доллар. 2014 –жылдын 16-октябрдан баштап,15млн долларга +5% жылдык кошумча тѳлѳмдѳр чечими болгон. Мындан башка дагы баардык талаптар колдоосуз калды”- деди ал.
Ошондой эле ал чечим 300 барактан турганын түшүндүрдү.
“Ошондуктан КР ѳкмѳтү юристтер менен кийинки кадамдарды изилдеп чыгууда. Бирок ѳкмѳттүн бул иш боюнча кѳз карашы, Кутисай-2 и Калесай кен казуу үчүн алган лицензиялар бийлик башындагыларды сатып алуу менен ээ болгону. Ушул негизде КР баардык талаптарга каршы болот”,-деди.
Канадалык компания Кыргыз ѳкмѳтүн эл аралык сотко берип $118 млн каражатты талап кылууда. Кѳптѳгѳн чечимдерден кийин Москванын Арбитраждык соту Кыргызстандын пайдасына чечкен.
Добавить комментарий ×