Камактагы Асанов менен Кадыров ачкачылыкты токтотушту

23 август 2018 03:40 1299 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир аптадан бери ачкачылык жарыялаган оппозиция өкүлдөрү Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов ачкачылык жарыялоону токтотушту. Бул тууралуу  жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, камакта жаткан саясий туткун Кубанычбек  Кадыров менен Бектур Асановдун талаптары аткарылды. Бүгүн түштөн кийин  Жогорку Соттун Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров боюнча чыгарган чечими  тааныштырылды. Алар ачкачылыкты токтотконун расмий билдирип, тамактана башташкан.   

Белгилей кетсек, буга чейин саясий туткундар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Жогорку соттун чечими 16-августка чейин колдоруна тийбесе анда ачкачылык жарыялашаарын айтышкан. Жогорку соттун чечимин курьер алып келип бербеген соң, алар 16-августтан тарта ачкачылык жарыялай башташкан.  

Эске салсак, 2 саясий туткунга бийликти күч колдонуп басып алуу беренеси боюнча айыпталган.

Ссылка: https://barometr.kg/kamaktagy-asanov-menen-kadyrov-achkachylykty-toktotushtu



Добавить комментарий