Кайырма суу сактагычында куткаруучулар сууга түшүп кеткен баланы издеп жатышат
19-апрелде саат 17:00дөр чамасында Базар-Коргон районун Жаны-Акман айылынын тургуну 2014-жылы туулган И.Э. каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бала дайынсыз болуп, туугандары жана жергиликтүү тургундар өз алдынча издеп таба алышпагандыктан, 20-апрели түнү ӨКМге жардам сурап кайрылышкан. Баланын Жаны-Акман каналына түшүп кеткендиги боюнча ата-энеси шектенүүсү боюнча издөө иштери жүргүзүлүүдө.
20-апрелде издөө иштерине Базар-Коргон райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн өздүк курамы, 26 куткаруучу, райондук ИИБ кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан 40 киши тартылган. Мындан тышкары КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын суучул куткаруучулары тартылган. Жергиликтүү тургундар тарабынан ушул эле күнү саат 12:30дар чамасында издөө иштеринде Жаны-Акман каналынан баланын велосипеди суудан табылган.
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закиров маалымдагандай, 20-апрель күнү саат 04:10дөр чамасында Жаны-Акман каналы жаптырылып, суу толук токтогондон кийин дагы кошумча издөө иштери да жүргүзүлгөн, бирок табылган эмес. Учурда Кайырма суу сактагычта суучулдар ар 3 саат сайын суу ичинде издөө иштерин улантууда. Бүгүнкү күндө жалпы 92 адам издөө иштерине тартылды.
Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закиров жетектеген ыкчам топ издөө иштерин жүргүзүүдө, издөө иштери караңгы киргенине байланыштуу убактылуу токтотулуп, күндүзү кайрадан уланууда.
Добавить комментарий ×