Кайрат Кыргыз: “Мен өзүмө шакирт тандоодо биринчи адамкерчилигне маани берем”

11 март 2019 13:04 4752 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө стилдүү ырчы Кайрат Кыргыздан ырдоо, комуз чертүү боюнча таалим-тарбия алып келе жаткан шакирттеринин бири 3-5-март күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн эл аралык конкурста баш байгенин ээси болду. Ал Бишкектеги №51 мектептин окуучусу Арууке Муктарова. КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы “Бала шабыты” деген өспүрүмдөрдүн кароо-сынагы тууралуу Кайрат Кыргыз Вarometr.kg сайтына төмөндөгүдөй маалымат берди:

“Эл аралык сынакта Арууке баш байгеге татыганына мен дагы кубанычтамын. Биз жеңишке жетебиз деп аябай аракет кылдык. Ошонун жемиши деп айтсам туура болот муну. Арууке мага төрт жарым жашында келген, азыр он эки жашка чыкты. Белгилей кетсем, мен бул конкурста 5 жылдан бери калыстар тобнун мүчөсүмүн. Башка балдардын дагы өнөрлөрүнө күбө болдук. Менимче калыстар татыктуусун тандашты”,- деп билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-kyrgyz-men-zm-shakirt-tandoodo-birinchi-adamkerchiligne-maani-berem



Добавить комментарий