Кафедра башчысы пара менен кармалды

29 май 2018 22:50 1798 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш Транспорт жана Архитектура Университетинин (КМКТАУ) кафедра башчысын пара алып жаткан жерден колго түшүрдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Педогог студенттин дипломдук ишин даярдоо үчүн 1,5 миң АКШ долларын талап кылган. Ушуга байланыштуу университеттин студенти аталган кызматка арыз менен кайрылып, агайга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген.

Миң доллардык пара алып жаткан жерден колго түшкөн кафедра башчысы К.Ага карата азыр Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/kafedra-bashchysy-para-menen-karmaldy



Добавить комментарий