Кадрдык ротация. Мектеп директорлорунун алмашканына көпчүлүк нааразы
Бишкектеги №6 мектептин директору Айгүл Шимованы №95 мектептин мүдүрлүгүнө шайлашты. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Ал эми №6 мектептин директорлугуна аталган мектепте мамлекеттик тил боюнча эмгектенип келген окуу иштери боюнча завучу Гулина Мырсакматова дайындалды. Ошондой эле №95 мектептин мурдагы мүдүрү Анара Акмашаева Бишкектеги №40 мектепке директор болуп олтурду. Берилген маалыматтарга ылайык, Акмашаева өзүн башка мектепке которуусун суранган. Мектептер аралык кадрдык алмаштырууга айрым интернет колдонуучулар "нааразы" экендиктерин жазышты. Ошол эле ата-энелерден акча чогулткан директорлор, башка мектепке барса деле ошону кылат. Чыныгы билим берүү системасын жакшыртуунун ордуна директорлорду жаңы орундарга алмаштыруунун кандай кажети бар?-деп Kaktus.media маалымат агенттигинин редактору Дина Маслова дагы бул маселе тууралуу билдирүүсүн калтырды.
Мурат Исмаилов аттуу Facebook колдонуучу №95 мектепте балдары окуурун, ар ай сайын "фонддук жардам" деп 2000 сомго чейин акча талап кылып жүргөндөрүн жазды. Андан сырткары парта сатып алганга, текче жасатканга, айтор ушул сыяктуу акчалар ата-энелерден чогултулуп токтобой келет. Ушул маселени бир карап коесуздарбы?-деп суранды.
Буга Балбак Түлөбаев "азыр башка заман" деген сөзү менен ата-энелерди жоотконгонго аракет кылды.
Мындан сырткары, дагы бир ата-эне нааразы болуп мындай деген билдирүү калтырды: "Айрым мектептерде китептер жетишсиз, ата-энелерге сатып алып келгиле деп айтышат. Мисалы бир китептин баасы биринчи, экинчи бөлүгү менен 700 сомго чыкты. Ал эми Кенчиеванын "Кыргыз-тили" китеби айрым мектептерде 350 сомдон сатылып жатат".
Айтмакчы, көпчүлүк мектептердеги ыктыярдуу взносторго шылтоолоп, ар бир ата-эне баласы үчүн жок дегенде айына 400-700 сомдон төлөнөөрү айтылууда.
Чыныгында ар бир ата-энени түшүнсө болот, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ар бир Кыргызстандын жашоочулары негизги жана жалпы орто билимди бекер алууга акылуу.
Шаардагы мектептердин директорлору бул боюнча токтоп калбайт, кадрдык алмаштыруулар дагы да болсо уланат деп билдирди Балбак Түлөбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/kadrdyk-rotaciya-mektep-direktorloru-almashty
Добавить комментарий ×