Кадамжайда металл ташыган өзбекстандык контрабандачылардын ишине чек арачылар бөгөт койду

15 февраль 2019 10:12 1268 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чек арачылар Баткендин Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасынан темир-металлды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасаган өзбекстандык жарандардын ишине бөгөт койду.

Окуя 12-февралда болгонун Мамалекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү бүгүн кабарлады.

Өзбекстандын жарандары чек ара өткөрүү жайларынан сырткары аймактан контрабандалык жол менен жез (металл) алып өтүүгө аракет жазаган.

Колго түшүрүү учурунда өзбекстандыктар мыйзамсыз товарларын автоунаасы менен кошо таштай качып, өз аймактарына кирип кетүүгө үлгүрүшкөн.

Калып калган унаадан ү капка салынган жалпы баасы 119508 сом турган 365 кило жез чыккан.

Тиешелүү документтер толтурулуп, мыйзамсыз жүк улуттук коопсуздук комитетинин Баткен областтык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/kadamzhajda-metall-tashygan-zbekstandyk-kontrabandachylardyn-ishine-chek-arachylar-bgt-kojdu



Добавить комментарий