Үйүнө конокко келип, эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүп качып кеткен

1 сентябрь 2020 12:02 7177 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын Флорида штатында 30 жаштагы Марк Уилсон таанышынын үйүнө конокко келип анын  эки баласын өлтүрүп кетти. Бул тууралуу Metro агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, кылмышкер өспүрүм балдардын эжекеси менен мамиледе болгон жана анын Марк Уилсондон боюнда бар. Окуя болгон күнү алардын үйүндө түнөп калган. Баары уктаганда 12 жана 14 жаштагы балдарды балка менен өлтүрүп, анан мыкаачылык менен кескилеп салып качып кеткен.

Кылмышкерди апасынын үйүндө жашынып жаткан жеринен кармашкан.

Флорида штатынын прокурору анын 40 жылдык иш тажырыйбасындагы эң оор кылмыш экендигин айтты.

Марк Уилсондун бул кылмышы боюнча өлүм жазасы каралып жатат.

Күч органдарынын айтымында, кылмышкердин балдарды өлтүрүүгө эч кандай себеп жок болгон. Ал кылмыш кылардан мурун наркотик колдонгону айтылууда. Уилсон буга чейин ээн баштык беренелери менен соттолгон. Бирок зордуктоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы болгон эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/jn-konokko-kelip-eki-balasyn-mykaachylyk-menen-ltrp-kachyp-ketken



Добавить комментарий