Үйлөнүү тоюнда колуктунун мурдагы күйөөсү келип алып кетмек болуп, чатак чыкты

10 апрель 2019 11:39 14242 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркестандагы үйлөнүү үлпөтүнүн чыркын колуктунун мурдагы күйөөсү келип бузду. Бул тууралуу nur.kz кабарлады.  Чакыруусуз келген конок келиндин мурдагы жолдошу болуп чыкты. 30 жаштагы эркек колуктуну алып кетмек болуп чыр чыгарган.

Айара аттуу келин 28 жашта. Ал мурдагы күйөөсү менен бир жылга жетпей ажырашкан. Жолдошу ага кол көтөргөндөн ушундай ишке барганын айтты.

Эки жылдан соң ал өзүнүн кесиптеши менен сүйлөшүп, экөө баш кошууну чечишкен. Үлпөт күнү келген мурдагы жолдошу тамадандан микрофон талашып  мурдагы аялын алып кете турганын айтып чыр-чатак болду..

Келиндин жаңы күйөөсү Нурлан бул чатактарга карабай колуктусун берген жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/jln-toyunda-koluktunun-murdagy-kjs-kelip-alyp-ketmek-bolup-chatak-chykty



Добавить комментарий