Йеменде бир автобус өспүрүм балдарды ракета менен атып салышты

10 август 2018 21:30 1733 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Йеменде лагерге балдарды алып бара жаткан автобус абадан сокку жасаган ракетанын курмандыгы болду. Сокку Сауд коалициясы тарабынан жиберилген. Бул туурасында CNN маалымат телеканалы билдирди. Лагерге бара жаткан автобустун ичинде жашы 15 тен төмөнкү өспүрүм балдар болгон. Официалдуу министрликтин билдиргенине ылайык, 50дөй өспүрүм каза болуп, 77дей оор жаракаттарды алышкан. Окуя бейшемби күнү болгон. Кечээ кечтен бери өлгөн балдардын жансыз денелерин жана оор жаракат алгандарды ооруканага жеткирүүнүн аягы суюла элек деп билдирет Эл аралык Кызыл Ай коомунун маалыматты камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирелла Худейб. 

Сауд коалициясынын билдиргенине караганда автобустун ичинде жаш балдар бар экендигин билишкен эмес. БУУнун генералдык катчысы Антониу Гутерреш бул окуя боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керектигин айтты. 


Ссылка: https://barometr.kg/jemende-bir-avtobus-sprm-baldardy-raketa-menen-atyp-salyshty



Добавить комментарий