Jaz Demi-2023 жарышына “Альянс Алтындын” 30 кызматкери катышты

25 апрель 2023 16:30 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Jaz Demi–2023 жарышына Жерүй алтын кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери да катышты. 

Jaz Demi–2023 жарышы 23-апрелде болуп өттү. 

Иш-чарага 3000ге жакын адам катышты, анын ичинде 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашкан «Альянс Алтын» ишканасынын 30 кызматкери да бар.

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” Кыргызстанда спортту өнүктүрүүгө жана спортчуларга жардам берүүгө өзгөчө көңүл бурат, компания спорттук иш-чараларды дайым колдойт, анткени спорт ден-соолукка пайдалуу. Ошону менен бирге компания спорттук иш-чараларга катышуу бул башкаларга үлгү болуу деп эсептейт.  

Компания салттуу түрдө жыл сайын марафондук жарыштарга катышып келет.   

“Альянс Алтын” ишканасынын командасы үчүн жаздын бул жаркын спорттук иш-чарасына катышуу күч-кубат топтоо менен бирге кесиптештердин арасындагы ынтымакты бекемдеген позитивдүү жана эсте каларлык окуя болду.  

Ссылка: https://barometr.kg/jaz-demi-2023-zharyshyna-alyans-altyndyn-30-kyzmatkeri-katyshty



Добавить комментарий