Үй-жайсыз калган баткендиктер үчүн убактылуу курама үйлөр тургузула баштады
Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан өрттөлүп, талкаланып, үй- жайсыз калгандарга убактылуу үйлөр берилүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “ Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча КР ӨКМ тарабынан тиешелүү бардык чаралар ыкчам жана уюшкандыкта жүргүзүлүп жатат.
“Кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштери менен кошо жергиликтүү жашоочулардын үйү курулуп бүткөнгө чейин атайын чатырлар курулууда. Меши менен кийизден жасалган жылуу курамаүйлөр ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок.
Аталган үйлөрдү куруу бүгүн Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде алгачкылардан болуп курулуп жатат”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/j-zhajsyz-kalgan-batkendikter-chn-ubaktyluu-kurama-jlr-turguzula-bashtady
Добавить комментарий ×