Үй-бүлөдөгү берекени сактап калуунун эң пайдалуу жана оңой жолу

25 октябрь 2022 08:02 5620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын Джорджии университетинин окумуштуулары жубайына алкыш айтып туруу үй-бүлөлүк мамилени жакшыртуунун эң пайдалуу жолу экенин айтышты. Алар 468 үй-бүлөлүү адамдардын катышуусу менен өткөн изилдөөнө бул ойго келип токтолушкан.

Изилдөөчүлөр катышуучулар тууралуу толук маалымат жыйнашкан. Алардын каржылык абалын, үй-бүлөдөгү мамилесин, канчалык көп бири-бирине алкыш айтып турушарын изилдешкен.

«Биз жарынын өзүн баалаганын, кымбат тутарын сезген адам үй-бүлөдөгү берекени сактоого өзгөчө аракет кыларын байкадык. Керек болсо, үй-бүлө кыйын учурду баштан өткөрүп жатса да, өз жарына деген ыраазычылык сезими аларды бул кыйындыктан оңой алып чыгат», - дейт изилдөөчүлөрдүн бири Тэд Футрис.
Окумуштуулар жөнөкөй «рахмат» сөзүн ар дайым айтып туруу негативдүү сезимдерди жоюга себеп болорун айтат. Алар ошондой эле бекем никени алсыз никеден ажыратып турган нерсе – жубайлардын бири-бирин урматтоо сезими экенин белгилешти.

Ссылка: https://barometr.kg/j-bldg-berekeni-saktap-kaluunun-e-pajdaluu-zhana-ooj-zholu



Добавить комментарий