Үй-бүлө куруу адам өмүрүн узартат

25 январь 2019 10:58 2392 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күйөөгө чыккыла же үйлөнгүлө, ал адамдын өмүрүн узартат деген ойду Швецариялык окумуштуулар айтышты.

Адам бир гана өзү үчүн жаралган эмес. Ал үй-бүлө куруп, балалуу болуп ага татыктуу тарбия берүүгө жаралган.

Экинчи көз караш менен алганда адамдар өздөрү жалгыз деле жашап бактылуу боло алат. А бирок, статистика боюнча үй-бүлө курган адамдар турмуш кура электерге караганда узак жашашы аныкталган.

Маалыматтарга ылайык, турмуш курган Швецариялыктар жалгыз бой адамдарга караганда төрт жыл узак жашайт экен. Мындан сырткары, үй-бүлө курган адамдар ички жан дүйнө боюнча бири-бирин ар дайым толуктап турат. Жан дүйнөсү толук болгон адамдар өздөрүн ар дайым жакшы сезип жүрүшөт. Ошондой эле, үй-бүлө кургандардын ден соолугу да бекем болот. Жалгыз бой адамдар бат-баттан ооруп турат деп белгилеп өттү изилдөөчүлөр.

Айрыкча жалгыз бой жашаган аялдар ден соолугу боюнча доктурга көп кайрылаары аныкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/j-bl-kuruu-adam-mrn-uzartat



Добавить комментарий