Издөө салабыз! Бир туугандар үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда
Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына А.А аттуу жаран уулу 2000-жылы туулган Султанов Ырысбек Максуталиевичтин жана кызы 1999-жылы туулган Максуталы кызы Альбинанын, ошондой эле тууганын кызы 2001-жылы туулган Канат кызы Алинанын 17-сентябрда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирген. Апасынын айтымында балдар Кырман жаңы конушундагы Мадиева көчөсүнөн «Мерседес-Бенц-210» кочкул көк өңдөгү унаага түшүп кетишкен. Ал эми ал унаа Келечек жаны конушунан табылган. Ал эми жогоруда аты аталган жарандар үйгө кайрылып келген эмес.
Султанов Ырысбек Максуталиевич
Бою: 160-162 см, арык чырай, бою узун, кара каш, кой көз.
Максуталы кызы Альбина
Бою: 150-155 см, арык чырай, бою кыскараак жана кашы кара, көзү кой көз
Сокур ичегиден калган тагы бар
Канат кызы Алина
Бою: 150-155 см, арык чырай, бою орто жана кашы кара, чачы күрөң, көзү кой көз
Таанып билгендер болсо Аламүдүн райондук ИИБне төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:
0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23,
0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(552) 90-91-63 же 102.
Ссылка: https://barometr.kg/izd-salabyz-bir-tuugandar-jdn-chygyp-ketken-boyuncha-dajynsyz-boluuda
Добавить комментарий ×