Итти тиштеген киши тиши жок калды

15 февраль 2020 09:42 1160 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Англиянын тургуну өз иттерин куткаруу үчүн аларга атырылган ротвейлерди тиштегенге аргасыз болду. Бул тууралуу TeessideLive аймактык гезити жазды.

Ага ылайык, окуя 9-февралда болгон. 55 жаштагы Мартин Флетчер эки ити — Бен жана Жерри менен сейилдип жүргөндө аларга ротвейлер породасындагы ажаан ит кол салган.

“Ротвейлер Бенди буттан тиштеп, коё берген жок. Эптеп Бенди куткарсам, ажаан ит экинчи итиме кол салды”, — деп эскерет Флетчер.

Ал ит менен 10 мүнөттөй алышып, колун дагы тиштеп алган. Акырында айла кеткенде ротвейлердин кулагын тиштеп, анын оозундагы иттерин куткарып калууга аргасыз болгон. Ротвейлердин ээси чуркап келип, иттин тумшугуна атайын каргысын салып, эптеп ажыраткан.

Флетчет ветеринарга кайрылып, иттерин дарылоого 800 фунт (73 миң сомго жакын) короткон. Ал эми окуядан кийин өзүнүн тиштери түшүп калганын байкап, тиш доктурга кайрылган.

Тилекке каршы ротвейлердин ээси окуя болгон жерден дароо качып кеткендиктен полиция аларды дагы деле издеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/itti-tishtegen-kishi-tishi-zhok-kaldy



Добавить комментарий