Мусулмандар Макронго каршы нааразычылык акцияларына чыгып жатышат. Фоторепортаж
Дүйнө жүзүндө мусулмандар Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршы нааразычылык акцияларына чыгып жатышат.
Макронго каршы нааразычылык акциясы бүгүн, 30-октябрда Ош шаарында да болду. Анда, белгисиз адамдар Эммануэль Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөрүн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөргө жабыштырып кетишкен.
Фрациянын президенти колледжде тарых сабагынан билим берген мугалим Самуэль Пати өлтүрүлгөндөн кийин исламчыларга каршы кескин сүйлөгөн. Француз лидери Charlie Hebdo журналы жарыялаган карикатураны сөз эркиндиги катары баалап, мындай карикатуралардан баш тартууну ойлонбогонун айткан.
Эскерте кетсек, мугалим Самуэль Пати окуучуларга Charlie Hebdo журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөндөн кийин чечен улутундагы 18 жаштагы адам тарабынан башы алынып, өлтүрүлгөн.
26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өз сөзүндө, мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген.
Макрондун бул билдирүүсүнөн кийин бир канча ислам өлкөлөрүнүн лидерлери ага каршы пикирин билдиришкен.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Франциянын президенти Макронду “терроризмдин лидери” деп атады.
Ал эми, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Макронду исламофобия үчүн айыптап, аны "оорулуу" деп атап, "анын психикалык абалын текшерип чыгууга" кеңеш берген.
Француз лидерине каршы акцияны Түркия, Ирак, Пакистан, Бангладеш, Ливия, Иордания, Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээги да колдошту.
Ссылка: https://barometr.kg/islam-lklrnd-makrongo-karshy-naarazychylyk-akciyalary-bolup-zhatat-fotoreportazh
Добавить комментарий ×