Ислам Каримовдун небересинин ачык сүрөтү социалдык тармактын кескин сынына кабылды

6 август 2021 13:15 2058 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун небереси Марьям Тилляева менен анын жолдошу, россиялык блогер Амиран Сардаровдун ачык сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна алынды. Бул тууралуу CentralAsia булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Колдонуучулар ич кийими жок сүрөткө түшкөн Марьям Тилляеваны катуу сындашты.

Сүрөттү “Хача күндөлүгү” деп аталган блогду алып баруучу Амиран Сардаров өзүнүн Instagram баракчасына бөлүшүп, анын жанына “аялым” деп кыскача пост жазган.

Өзбекстандагы Амирандын катталуучулары Марьямдын образына наарызылылыктарын билдиришкенден кийин, бир суткадан соң ютубер сүрөттү алып салып жана Каримовдордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси Мариам Тилляева Амиран Сардаровго турмушка чыккан. Алардын үлпөт тою Лас-Вегаста өткөн.

Мариам Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова-Тилляеванын улуу кызы болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/islam-karimovdun-neberesinin-achyk-srt-socialdyk-tarmaktyn-keskin-synyna-kabyldy



Добавить комментарий