Ислам Каримовдун небереси орусиялык блогер Амиран Сардаровго турмушка чыкты
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси Мариям Тилляева популярдуу орусиялык блогер Амиран Сардаровго турмушка чыкты. Бул тууралуу Сардаровдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, үлпөт той кече, 14-апрелде Лас-Вегаста түгөйлөрдүн жакын туугандарынын жана досторунун катышуусунда өткөн.
Мариям Ислам Каримовдун эң кенже мураскору Лола Каримова Тилляеванын кызы. Ал билим алуу үчүн АКШга 14 жашында көчүп барган. Ал эми, орусиялык блогер Амиран АКШга 2020-жылы барган.
Мариям Амирандан 13 жашка кичүү. Ал блоггердин видеолорунда бир эмес, бир нече жолу тартылган. Бирок жубайлардын бири дагы буга чейин, сүйүү мамилесин тастыкташкан эмес.
Добавить комментарий ×