Иске ууланган үйдүн светин кыркып кеткен кызматкер моралдык жактан иштей албайм деп бошоп кетти

25 февраль 2019 14:21 2604 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Таластагы иске ууланып каза болгон үй-бүлөнүн электр жарыгын бир кун мурда кесип кеткен кызматкер өз арызын жазып бошоп кетти. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине "Түндүк Электр" ишканасынан билдиришти.

"Моралдык жактан иштей албайм деп кызматкер өзү арызын жазып жумуштан кетти. Ал негизи мындай кырсык болуп кетет деп күткөн эмес да. Кызматкерлер өз милдеттерин аткарышты"-деп билдирди басма сөз кызматкери Гуля Мураталиева.

Маалым болгондой, аталган үй-бүлө электр жарыгына болгон 2483 сом карызын төлөбөгөнү үчүн "Түндүк электр" ишканасы тарабынан 8-февралда эсеп дүмүрчөгү келип, бир жуманын аралыгында төлөө талабы коюлган. 19-февралда ишкананын аймактагы адистери барып карызды белгиленген убакытта төлөбөй койгону үчүн үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен. 

Эске салсак, 20-февралда Талас районунун Кара-Суу айылында иске (газ) ууланган апасы менен 7-класстагы кызы каза болгон. Үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып ошондон улам ууланышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/iske-uulangan-jdn-svetin-kyrkyp-ketken-kyzmatker-moraldyk-zhaktan-ishtej-albajm-dep-boshop-ketti



Добавить комментарий