Искандаров Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайы өкүлү кызматынан бошотулду

9 апрель 2019 17:38 2382 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Курбанбай Искандаров өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайы өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал берген арызынын негизинде кызматтынан бошотулган. Бул боюнча тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/iskandarov-kmttn-chek-ara-maselesi-boyuncha-atajy-kl-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий