Германия өнүктүрүү банкы айыл чарбасындагы чакан жана орто бизнеске 1 300,0 млрд сом бөлөт
Финансы министрлиги тарабынан KFW (Германия) фондунун каражаттары боюнча 1 300,0 млрд сом суммасына аукцион өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.
Иш-чара бугүнкү күнгө пландаштырылып, «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылат.
Анда КРнын Финансы министрлиги он коммерциялык банк менен келишим түздү:
1. «Айыл Банк» ААК
2. «Бакай Банк» ААК
3. «Азия Банкы» ЖАК
4. «Банк Компаньон» ЖАК
5. «Демир Банк» ЖАК
6. «КБ Кыргызстан» ААК
7. «Оптима Банк» ААК
8. «Финка Банк» ЖАК
9. «Халык Банк» ААК
10. «РСК Банк» ААК
Аукцион өткөрүлгөн соң жана бардык процедуралар аяктагандан кийин ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн бюджеттик каражаттарды банктарга берүү пландалууда. Банктардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн.
KFW Германия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын биринчи траншы айыл чарба чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.
Ссылка: https://barometr.kg/ishkerdik-subektterin-karzhyloo-programmasynyn-alkagynda-aukcion-tkr-plandaluuda
Добавить комментарий ×