Гангстер Аль Капоненин буюмдары сатыкка коюлду
Америкада Аль Капоненин буюмдарынын коллекциясы аукционго коюлду. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Калифорниядагы Witherellʼs Auction House аукцион үйү АКШдагы эң белгилүү гангстер, 1920-1930-жылдары Чикагонун кылмыш дүйнөсүндө аракет кылган Аль Капоненин 174 буюмун сатыкка чыгарды.
Лоттордун арасында үй-бүлөлүк сүрөттөр, эмеректер, чөнтөк сааттар, зер буюмдар, курал-жарактар жана Аль Капоненин "Алькатрас" турмөсүндө уулуна жазган каты бар.
Аукцион үйүнүн директорунун айтымында, баарынан көп сатып алуучуларды кат жана тапанча кызыктырууда. Катты 25-50 миң долларга жана тапанчаны 100 миң доллардан жогору баалап жатышат.
Эскерте кетсек, Аль Капоне-теги италиялык америкалык гангстер. Ал 1920-1930-жылдары Чикагодо эмерек бизнесин жасап жаткан болуп оюн бизнеси, сутенердук, бутлегердик (спирти ичимдиктерин сатуу жана аткезчилик) иштер менен алектенген.
Ссылка: https://barometr.kg/gangster-al-kaponenin-buyumdary-satykka-koyuldu
Добавить комментарий ×