Исхак Пирматов Терек-Сайдагы чыр тууралуу: "Ал жердеги уюшулган мафиянын башын табыш керек"

5 декабрь 2018 09:31 1879 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Терек-Сайдагы кырдаал боюнча мыйзамсыздыкка жол берилбеши керек. Мыйзам баарыбызга бирдей. Милиция бийликтин өкүлү. Ага кол көтөргөн инсан кайсы гана мамлекетте болбосун катуу жазаланат. Ал эми Терек-Сайлык мекендештериме сабырдуулук тилейм. Мыйзам жолунда бирге аракеттенели-деди Жогорку Кенештин депутаты Исхак Пирматов. Мындай пикирди депутат Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу жазды. 

"Күзөттө турган милиция кызматкерлерин ур токмокко алган видеону баарыбыз көрдүк. Мыйзамдуулук болбосо мамлекеттүүлүгүбүз кайда барат? Бирок мыйзам баарыбызга бирдей болуш керек!. Буйруса мыйзамсыздыкка жол берилбейт деп ойлойм, мендеги маалымат боюнча ИИМде президенттин буйругу менен ички тергөө, териштирүү башталды. Жыйынтыгын күтө туралы"-деди депутат. 

Терек-Сайдагы ызы-чуу эртеби-кечпи болмок деп айтып, чырдын башы эмнеден келип чыккандыгына токтолду. Депутаттын айтымында ал жердеги сурьма кенин тескеген мафиянын башын табыш керек дейт. 

"Бул кендерди түрктөргө бергенге чейин ,акыркы 6 жылдан бери ал жерде эч кандай лицензия-уруксаты жок эле сурьма казылып , жүздөгөн адамдар оокат кылып келишкен. Мамлекет иш менен камсыздай албагандыктан көз жумуп келген.Коопсуздуктун талаптары аткарылбай, элибиз жанын тобокелчиликке салып келгендиктен 6 мекендешибиз шахталарда каза тапты .Аны парламентте бир нече көтөрсөм да, өкмөт тыянак чыгарбады. Өкүнүчтүү. Күнүнө 10 тоннага чейин сурьма , бюджетке бир тыйын түшүрбөй, мыйзамсыз Кытайга Ош аркылуу чыгып жатты . Ошол эле милициядан баштап бардык күч органдары (алардын жетекчилери албетте) бул чынжырда мите курттай болуп олтуруп алганын Ала-Букадагы мектеп окуучусунан бери жакшы билишет. Анан эле бир күнү майрам бүтүп, «Эти Бакыр» деген неме келди да бардык жерге пост орнотуп каздырбай коет. (Албетте ал каражат сарптап келгенден кийин өзүнүн жерин кайтарат да) Анан кантип ошол жерден акча таап жаткан адам , фабриканын курулушун , деги эле ошол түрк болобу башкасынбы колдосун? Эртели кечпи ызы чуу чыкмак. Маселенин өзөгү ошол сурьмага дагы эле спрос жаратып жаткан мафияда болуп жатпайбы! Эмнеге биз бул маселени чечүүдө , терең тамырды карабайбыз?"-деп жазылган.

Эске салсак, 14 жаранды милицияга кол көтөрдү деп камап коюшканда, жергиликтүү эл аларды бошотууну талап кылып жана түрктөрдүн ал жерде иштешине каршы чыгышкан. Жанжал күчөп, 300дөн ашуун жергиликтүү эл митингге чыгып азыркыга чейин кырдаал тынчыбай келет. 

Ссылка: https://barometr.kg/ishak-pirmatov-terek-sajdagy-chyr-tuuraluu-kch-organdardyn-zhetekchileri-bashynda-turat-al-zherdegi-uyushulgan-mafiyanyn-bashyn-tabysh-kerek



Добавить комментарий