Исхак Масалиев: "Депутат сунуштады" деп журналисттер туура эмес маалымат таркатып жатышат
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 12-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралган талкууда «Таблиги жамаат» уюмун «экстремисттик» деп табуу керек деген сунушун киргизди деп массалык маалымат каражаттарына чыккан. Буга депутат журналисттин туура эмес жазгандыгынан улам анын сөзү бурмаланып кеткенин айтып, кайра тактап коюну өзүнүн жеке баракчасына билдирди.
"Эмне дептир? Ушул суроодон жалган сөздөр тарайт көпчүлүк учурда! Укпай, көрбөй, журналист туура эмес сөзүңдү которгондо ушак кетет. Бир жолу тактап кетейин. Кечеги жыйында терроризм жана экстремизмге каршы күрөш боюнча Шанхай конвенцияга өлкөбүз кошулду. Ал жерде ар түрдүү суроолор болду. Алардын арасында диний экстремизм жөнүндө да маселе которулду.
Мен да бир СУРОО бердим — эгерде Шанхай кызматташуу уюмга кирген айрым мамлекеттерде, мисалы "Таблиги жамаат" кыймылга тыюу салынса, биз тараптан КАНДАЙ болот, ал кыймылдын ишмердүүлүгү кандай бааланат?
Жөнөкөй суроо, бирок маалымат ДЕПУТАТ СУНУШТАДЫ деп чыгарышты!!! Мен ал кыймылдын иш аракетин билбесем, кантип сунуш беремин?!?
Башталды, менин балдарым менен тең жигиттер, өз кулагы менен укпай сын пикирлерин айтып, ар балээни жаза кетишти. Маркум атама жаназа окулганды да айта кетишти!!! Уят эле.
Мынчалык "тупой" болбогулачы сынчылар, сурап пикир алмашсак жакшы болмок! Айла жок, бир нече менин достугумду суранган адамдарды тизмеден чыгардым.
Аман эле бололу!!!-деп жазылган билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 12-сентябрда Парламентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралган талкуу өткөрүлгөн. Анда бир канча депутаттар сунуштарын, ойлорун, пикирлерин билдиришкен.
Добавить комментарий ×