Ирина Летова: административдик укук – бул чиновниктин, кызмат адамынын жарандын алдындагы жоопкерчилиги

9 апрель 2020 16:00 1370 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Летова Ирина Витальевна, юридикалык эксперт. Ал Бузуулар жөнүндөгү кодекс: бузуулар жөнүндөгү мыйзамдар, бузуулардын түшүнүгү жана субъектилери, укуктук кесепеттери, өзгөчө бөлүгү, жаза берүүнү аткаруу тартиби боюнча айтып берди.

Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 2-мартында Бузуулар жөнүндөгү кодексти кабыл алды жана 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирди.

Ушул күндөн тартып өлкөдө мурда иштеп келген Кыргыз Республикасынын
администртивдик кодекс күчүн жоготту.

Бузуулар жөнүндөгү жаңы кодексти ишке киргизгенден тартып өлкөдө кылмыш-жаза-укугун административдик укуктан так ажыратуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Жазык кодекси менен бирге кылмыш-жаза циклдериндеги мыйзамдарга Жоруктар жөнүндөгү Кодекс жана Бузуулар жөнүндөгү Кодекс кирди. Административдик укуктун системасын «Административдик ишмердик жана административдик процедуралар жөнүндөгү» мыйзам жана Административдик-процессуалдык кодекс» түзөт.

Ошентип так чектөө өттү, кылмыш укугу – жарандын мамлекеттин мыйзамдарынын алдындагы жоопкерчилиги, ал эми административдик укук – бул чиновниктин, кызмат адамынын жарандын алдындагы жоопкерчилиги.

Бузуулар жөнүндөгү Кодекс инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык адамдын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, укукка каршы зыян келтирүүдөн эл алдында тартипти коргоого багытталган. Кодекс Кыргыз Республикасынын жер мейкиндиктериндеги жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

Бузулар бул укукка каршы, алдында башкаруу тартибине каршы физикалык же юридикалык адамдын күнөөлү жоругу (аракет же аракетсизди).

Бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган. Бузуулар үчүн Кодексте каралган жоопкерчилик, эгерде бул жоруктар Жазык кодексине жана Бузуулар жөнүндөгү Кодекстерине ылайык жоопкерчилик каралбаса башталат.

Жогоруда айтылгандай, Бузуулар жөнүндөгү кодекс кылмыш укуктарынын тобуна кирет жана өздөрүнүн күчүнө жараша абдан аз, бирок алар жоруктарга жана бузууларга жана
дагы кылмыштарга өсүп жетиши мүмкүн.

Мисалы, сфетофордун кызыл белгисине өтүп кетүү Бузуулар жөнүндөгү Кодекс боюнча жоопкерчиликке алып келет. Эгерде күнөөлү адам светофордун кызыл белгисине өтүп кетсе жана муну менен өтүп бара жаткан адамды койдуруп кетсе жана анын ден соолугуна өтө оор эмес зыян келтирсе, анда адам Жосундар жөнүндөгү Кодекске ылайык жоопкерчилик тартат. Эгерде күнөөлү адам, сфетофордун кызыл белгисин өтүп бара жатып адамды койдуруп кетсе жана ал каза болуп калса, анда күнөөлү адам Жазык кодекси боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Демек, күнөөлү адамды Бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык жоопкерчиликке тартуудан мурда, ыйгарым укуктуу органдын адамы күнөөлүнүн аракеттеринде кылмыштын же жоруктун составынын бардыгын аныкташы керек.

Бузуулар жөнүндөгү Кодекске ылайык, бузууларды жасагандыгы үчүн жопкерчиликке мурда иштеп келген Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексте кызмат адамынын жоопкерчилиги каралганынан айырмаланып, жоопкерчиликке физикалык жана юридикалык адамдар гана тартылат.

Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги алынып салынды. Бул эмне менен байланышкан? Жогоруда айтылгандай, кызмат адамы өзүнүн кызмат иштерин аткарбагандыгы үчүн административдик укук боюнча жоопко тартылышы керек. Мисал үчүн төмөндөгүлөрдү келтирсек болот: жаранга
жер казынасын казуу үчүн лицензия алыш керек болуп калды. Ал жер казынасын пайдалануу боюнча Комитеттин кызмат адамына өтүнүч менен кайрылып, муну менен ал бардык документтерди тиркейт. Кызмат адамы лицензия берүүдөн негизсиз баш тартат. Мурда бул адамга Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекске ылайык, жазана (штраф) салынган, ал жазана мамлекеттин кирешесине кошулган, ал эми жарандын лицензия алган жок жана азыр
дагы жок.

Эми административдик укукту реформалоого байланыштуу, жогоруда белгиленген аналогиялык кырдаалдарда, жаран, кызмат адамынын аракеттерине жогорку жетекчиликке даттанууга укуктуу, эгерде өзүнүн даттануусуна карата баш тарткандык болсо, анда ал район аралык сотко (административдик) кайрылуу укугу бар.

Административдик соттук процесс өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ, мисалы, кызмат адамдарына күнөөсүздүк презумпциясы жайылтылбайт, жаран өзүнүн чын экендигин далилдеши керек эмес, тескерисинче чиновник өзүнүн туура экендигин далилдеши керек, Судья административдик процессте активдүү ролду ойнойт, ал жаранга керектүү документтерди алууга жана аныкталган адамдарды чакырууга жардам берет. Эгерде, кызмат адамы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарган жок жана мыйзамдардын талаптарын аткарга жок деп тапса, анда сот кыска мөөнөттүн ичинде жаранга лицензия берүүнү милдеттендирет.

Ал эми «кош көңүл» чиновник кылмыштуулуктун составы болсо кандай жоопкерчиликти тартиптик, кылмыштык тартаарын анын жетекчилиги чечиши керек. Ошентип, Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин субъктилери болуп физикалык жана юридикалык жактар гана эсептелет.

Бузуулар жөнүндөгү Кодекс боюнча физикалык жактарга: бузууну жасаган мезгилде он алты жашка толгон жаран, чет элдик адам жана жарандыгы жок адам кирет.

Юридикалык жакка – юридикалык жак жана чет элдик юридикалык жак, анын ичинде анын өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жер мейкиндигинде жайгашкан юридикалык статусу жок филиал кирет.

Юридикалык жактын күнөөсүн кантипаныкташты көпчүлүк түшүнүшпөйт, Бузуулар жөнүндөгү Кодексте ал физикалыкжактын күнөөсү аркылуу анык.

Тактап айтканда, юридикалык жак бузуларды жасаган деп таанылат, эгерде эмгек мамилелеринде урган физикалык жак анык бир аракеттерди юридикалык жактын кызыкчылыгы үчүн келишимдин негизинде жасаса, өзүнүн (аракеттерин же аракетсиздигин) укукка каршы жоруктарын сезген же сезүү керектигин билген болсо – Кодекстин 18-беренеси.

Жазалоонун түрлөрү дагы өзгөрдү. Мурда Административдик Кодекс жаза берүүнүн 13 түрүн караган, Бузуулар жүнүндөгү Кодекс болсо жаза берүүнүн болгону эки түрүн – алдын-ала эскертүүнү жана жазананы (штраф) карайт. Эскертүү – ыйгарымдуу орган тарабынан жазуу түрүндө тапшырылат берилет жана келечекте ушуга окшогон бузууларды болтурбоо максатында берилет. Эскертүү Кодекстин Өзгөчө бөлүмүндө каралган, бузууларды жасаганда
зыян кесепеттерди алып келбеген учурларда колдонулушу мүмкүн. Жазана (штраф) – физикалык жана юридикалык жактарга Кодексте аныкталган тартипте алар жасаган бузуулар учурунда алардын өлчөмү жана тартибине жараша салынучу акча түрүндө төлөтүп алуу. Жазык Кодексинде жана дагы Жосундар жөнүндөгү Кодексте жазаналардын категорияларынын киргизиленине байланыштуу, Бузуулар жөнүндөгү Кодексте так ошондой эле категорияларга бөлүнгөн. Жалгыз гана алып таштоо болуп, Бузуулар жөнүндөгү Кодекс жазаналардын «андан» жана «ага чейин» деп Жазык Кдексинде жана Жосундар жөнүндөгү Кодексте каралгандай белгиленген өлчөмдөрүн кароо
эсептелет. Бузуулар жөнүндөгү Кодекс боюнча жазаналардын максималдуу өлчөмү Жосундар жөнүндөгү Кодексте минималдуу, Жосундар жөнүндөгү Кодексте жазананын максималдуу өлчөмү Жазык Кодексинде минималдуу деп саналганын белгилей кетүү зарыл. Бул бардык ушул үч кодекстер бирдиктүү кылмыш-жаза укугун түзө тургандыгынын далили болуп саналат.

Жосундар жөнүндөгү Кодекс жазананын 8 категориясын карайт.

1-категориядагы жазана минималдуу деп жана физикалык адамдарга карата 1000 сомду, юридикалык адамдар үчүн 5000 сомду түзөт, 8 категориядагы жазана максималдуу деп саналат жана юридикалык адамдарга карата 17500 сом,юридикалык адамдарга 55000сомду түзөт. Бул тартиптен тышкары чыгуу деп, кечээ жакында Бузуулар жөнүндөгү кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кодекстин 19-бапында көрсөтүлгөн бузууларга карата, 119 - 120-1, 128и 130-135-беренелеринен тышкары юридикалык адамдарга карата жазаналардын өлчөмү физикалык адамдарга белгиленген өлчөмдө колдонуларын айтса болот.

Акчалай жаза берүү менен катар эле, Бузуулар жөнүндөгү Кодекс күнөөлү адамга карата кошумча укуктук кесепеттерди колдонууну карайт.

Кошумча укуктук кесепеттер – жаңы кылмыштарды кайталап жасоону болтурбоого багытталган аргасыз кылуу же жазананы аткарууну камсыз кылуу чаралары.

Кошумча укуктук кесепеттерге:

▪ Өсүм төлөм (пеня)

▪ мүлктү алып коюу

▪ унаа каражаттарын атайын токтотулуучу жайларга эвакуациялоо, дөңгөлөктү
блокировкалоо же башка керектүү куралдарды колдонуу

▪ унааны башкаруудан четтетүү кирет.

Укуктук кошумча кесепеттер санкциялардын беренелеринде көрсөтүлбөйт, бирок алар бузуулардын категорияларына карабастан күнөөлү адамдарга карата колдонулушу мүмкүн.

Өсүм (пеня) төлөмдөрү:

Мисалы, эгерде күнөөлү адам 30 күндүн ичинде өз эрки менен кошумча төлөмдү төлөбөсө, жазанынын суммасына өлчөмү 1% ар бир созулган күн үчүн кошумча өсүм төлөм санала башталат. Башкача айтканда, күнөөлү адам бузууларды жасагандыгы үчүн жазананы гана төлөбөстөн, кошумча төлөө мүнөзүндөгү өсүм төлөмдү кошумча укуктук кесепет катары төлөйт.

Өсүм төлөмдүн максималдуу өлчөмү бузуучуга карата колдонулган жазананын өлчөмүнөн ашык болбошу керек.

Мисалы, эгерде 1-категориядагы 1000 сом жазана салынса, анда жазананын максималдуу өлчөмү 1000 сомду, эгерде 8-категориядагы 17500 сом жазана салынса, өсүм төлөөнүн суммасы 17500 сом болот.

Өсүм төлөөнүн максималдуу өлчөмүнө 100 күндүн ичинде жетет.


Мүлктү алып коюу:

Кошумча укуктук кесепеттердин дагы бир түрү – бул мүлктү алып коюу. ыйгарым
укуктуу органдын чечиминин негизинде алып коюлушу мүмкүн:

▪ курчап турган чөйрөнүн ресурстарына кол салуу бузууларын жасаганда колдонулган каражаттар (куралдар) - булар балык кармоо торлору же капкандар.

▪ бузуулардын мыйзамсыз айландыруунун предметине баййланышкан – булар каттоодон мыйзам иретинде бекитилбеген кандайдыр бир баалуу кагаздар

▪ бузууларды жасоонун жыйынтыгында алынган предметтер жана башка буюмдар

▪ унаа каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо.

Мажбурлап эвакуациялоонун кошумча укуктук кесепеттери болуп, унаа каражатын бузуу болгон жерден же жол-транспорттук окуя болуп өткөн жерден атайын токтотулуучу жайга (стоянка) мажбурлап жылдыруу.

Дөңгөлөктөрдү блоктоонунн мааниси унаа айдоочунун жолдо жүрүүнүн Эрежесин бузган учурларында унаа каражаты жүрбөй тургандай кылып, (дөңгөлөктүн тегеренүүсү) аларга техникалык каражаттарды орнотуу Рульдук башкарууну блоктоо жана газдын педалын блокировкалаш үчүн шаймандардын башка түрлөрү (мотоциклдер, трициклдер жана башка мото унаалар) колдонулат.

Унаа каражатын башкаруудан четтетүү

Кошумча укуктук кесепеттердин төртүнчү түрү - унаа каражатын башкаруудан четтетүү. Ушул кошумча укук кесепеттер бузуулардын алдын алуу (токтотуу) максаттары үчүн убактылуу тыюу салууну көздөйт.

Физикалык жактар унаа каражаттарын башкаруудан Бузуулар Кодексинин 2-бересинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда четтетилет.

Мисал катары төмөндөгү учурду келтирсек болот: эгерде айдоочу транспорт каражатын мас абалында башкарган болсо, жолдо жүрүү эрежелерин бузууну токтотуу жана ал тараптан боло турган болжолдуу укук бузууну болтурбоо максатында бул айдоочу унааны башкаруудан четтетилет, ал эми унаа каражаты иш боюнча соттун чечими чыкканга чейин убактылуу сактоо үчүн атайын (жазаналык) токтоочу жайга жеткирилет.

Укуктук кошумча кесепеттер бузуу иштерин кароонун ар кайсы стадияларында колдонулушу мүмкүн. Ушул мисалдарда көрүнүп тургандай, укуктук кошумча кесепеттердин бөлүгүн төлөтүп алуу боюнча токтом кабыл алууга чейин колдонулушу мүмкүн, мисалы, унаа каражатын башкаруу же мажбурлап эвакуациялоо, ал эми калган бөлүгү кошумча төлөм боюнча токтом чыккандан кийин төлөнөт.
Төлөтүп алуу менен жазалоону колдонгондо төлөтүп жазалоонун жалпы талаптарын:

▪ жасалган бузуунун мүнөзүн

▪ келтирилген зыяндын өлчөмүн

▪ акчалай өндүрүүнү жумшактоочу же оорлотуучу жагдайлар

▪ личность нарушителя (физическое лицо) бузуучунун инсандыгын эске алуу зарыл.

Ошентип, эгерде күнөөлү адам кош бойлуу абалындагы аял болсо ( бул жумшартуучу жагдай болуп саналат), ал эми санкция боюнча беренеси эскертүүнү же жазананы камтыса, органдын кызмат адамы эскертүүнү колдонушу керек.

Дагы бир маанилүү тажрыйба болуп, бир адам тарабынан эки же андан көп бузуучулук жасалган болсо, жаза берүү ар бир бузуу үчүн өзүнчө колдонулат. Мисалы, айдоочу эгерде унаа каражатын башкарып бара жатып коопсуздук боосун тагынбаса, жолдо жүрүп бара жатканда уюлдук телефон менен сүйлөшсө жана ылдамдыкты 25 км/саатка чейин ашырып жиберсе, ал анда жоопкерчиликке Кодекстин 5-чи бөлүгүнүн 121-бересине жана (Мото баш кийимин же коопсуздук боону пайдалануу эрежесин бузуу, 1-категориядагы жазана ) 123-1 беренесинин 1-бөлүгү боюнча тартыла. (Унаа жүрүп бара жатканда колдун жардамысыз жана сүйлөшүүгө техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган пайдалануу тартибин бузуу 2-чи категориядагы жазана) 123-беренин 2-бөлүгү (унаа каражатын айдоочусунун аныкталган кыймылды 20 км/саатка ылдамдатуусу, бирок 40км/саатка, чейин, 2-категориядагы жазана). Тактап айтканда, ушул бузуулар үчүн айдоочу 7000 сом өлчөмүндө жазана төлөйт.

Адамга бузуулук үчүн жаза берүүнү колдонуу боюнча чечим күчүнө киргенден тартып бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды деп саналат, бул адамды жоопкерчиликке тартуунун бирден-бир маанилүү эрежеси.

Башкача айтканда, эгерде адамга карата бузуулук кылды деп протокол түзүлсө, бул анда адамды күнөөлү деп эсептөөнүн негизи боло албайт. Күнөөлү адам жоопкерчиликке тартылды, деп качан гана жаза берүү жөнүндөгү токтом күчүнө киргенде эсептелет, бул ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 күн өткөндөн кийин алынып чыкканда, же токтомго карата ал соттун токтому чыкандан кийин сотто даттануу Жаза берүү үчүн, Бузуулар жөнүндөгү Кодекс жаза берүүнү колдонуунун эскилиги аныкталган бир мөөнөттөрдү карайт. Ошентип, жазана түрүндөгү жаза берүү бузуу жасалган күндөн тартып алты айдын ичинде салынышы мүмкүн. Эгерде бузууну жасаган адам, ыйгарым органынан баш тартса, анда эскилиги аныкталган мөөнөт баш тартуунун бардык мезгилине чейин токтотулат.

Эскертүү түрүндө жаза берүү бузуу жасалгандан баштап жана ал жасалган орду билинген учурларда колдонулат. Башкача айтканда,эгерде санкциянын беренеси эскертүү түрүндө болсо, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы бузуу болуп өткөн жерде бузуу жөнүндөгү протоколду түзүүгө укуктуу жана эскертүү түрүндө жаза берүү боюнча токтом түзөт. Ыйгарым укуктуу органдын Комиссиясы эскертүү түрүндөгү жаза берүүгө укугу жок, себеби, комиссия материалдарды бузуу болгон жерде карабайт.

Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин дагы бир жаңычылдыгы болуп бардык бузууларды каттоо болуп саналат. Мурда өлкөдө жасалган административдик укук бузуучулуктун саны, Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс боюнча, жоопкерчиликке тартылган адамдардын саны, көнөөлүү адамдардан өндүрүлгөн жазаналардын суммалары жөнүндө эч кандай статистика болгон эмес. 2019-жылдын 1-январынан тартып бузууларды, колдонулуучу жаза берүү жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо бузуулардын Бирдиктүү реестринде жүргүзүлөт. Бузуулардын Бирдиктүү реестринде (ББР) каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындага N 603 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Ушул тартипке ылайык, ыйгарымдуу органдар бузуучулук боюнча бардык маалыматтарды (бузууларды жасагандык боюнча протоколдор, ыйгарым укуктуу органдардын жаза берүү боюнча токтомдору, соттун токтомдору, кошумча төлөөлөрдү салуу, салынган жаза берүүлөрдү аткаруу боюнча маалыматты) Реестрге киргизиши керек.

Азыркы убакта 16 мамлекеттик органдар ушул Реестрге кошулду жана керектүү маалыматтарды киргизишүүдө.

Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин Өзгөчө бөлүгү бузуулардын объектиси боюнча тизмектелген 31 баптан турат. Бузуулар боюнча Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнө Админстративдик кодекстин ченемдеринин өз күчүн жоготкон ченемдерине жөнөтүүчү эскирген ченемдери, коррупциялык элементтерди камтуучу, (мисалы, өрт өчүрүүчү испектордун, салык инспекторунун ж.б. мыйзамдуу
талаптарын аткарбоочулук) жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин камтыган бөлүгүнөн башкалары кирди.

Мындан тышкары, өзгөчө бөлүк, азыркы иштеп жаткан мыйзамдардан чыккан ченемдер менен толукталган. Ар бир баптын башталышында кайсы ыйгарым органдар тигил же бул бузууну кароого укуктуулугун аныктоо боюнча эскертүү бар.

Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин процессуалдык бөлүгү Кылмыш-жаза Кодексинде жайгашкан Жазык Кодекси жана Жосундар жөнүндөгү Кодекстен айырмаланып, Кодекстин өзүндө камтылган. Процессуалдык бөлүк 7 бапты камтыган 2 бөлүктөн турат.

Бузуулар жөнүндөгү Кодекске ылайык, бузуулар боюнча иштердин өндүрүшүн ачуунун түрткүсү болуп төмөнкүлөр саналат:

- бузуулар, ыйгарым органдын окуянын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтарды ачышы;

- материалдар, бузуулар окуяларын көрсөтүүчү укук коргоо же башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан түшкөн маалыматтар;

- физикалык жана юридикалык адамдардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле, массалык маалымат каражаттарынын бузуулар окуяларынын болгондугун камтыган кабарлоолору (анын ичинде Интернеттеги).

- автоматтык режимде атайын техникалык каражаттар менен жолдо жүрүүлөр чөйрөсүндө бузууларды белгилөө, фото-жана тасма тартуулар, көрүү жазуулары же сүрөт жана тасма, көрүү тартуулары (Коопсуз шаар).

Ушул түрткүлөрдүн болушу менен бузуулар жөнүндөгү өндүрүштүн башталышы зарыл. Ушуну менен, ыйгарымдуу орган бузууну жасаган адамдын күнөөсүн далилдеши керектигин белгилей кетүү керек. Башкача айтканда, кылмыш процессинде бузууну жасаган адамга дайыма күнөөсүздүк презумпциясы жайылтылат. Бузуулар жөнүндөгү Кодекске ылайык, иш боюнча далилдер катары каалаган факт түрүндөгү далилдер саналат, булардын негизинде өндүрүшү жайгашкан ыйгарым укуктуу орган бузуулар окуясынын болгондугун же болуп өтпөгөнүн, бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын күнөөсүн аныктайт, ошондой эле бузуулар жөнүндөгү ишти туура чечүүгө мааниси бар башка дагы жагдайлар. Кодекс ошондой эле, көрүүтасмалары(тасма камералар, көрүү регистраторлору, мобилдик түзүлүштөр жана шаймандар) көрүү камералары сертификацияланган атайын көзөмөл-ченөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын (Коопсуз шаар) маалыматтары далилдер катары көрсөтүлүшү мүмкүндүгүн карайт.

Ошентип, Кодекс каалаган адам өзүнүн уюлдук телефонун же автомобилдеги көрүү регистраторун тигил же бул далилдерди тартып алуусун так бекиткен жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы бузуулардын далилдерин тартып алууга техникалык каражаттарды пайдаланууга тыюу салууга укугу жок. Жогоруда белгиленгендей, Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин
Өзгөчө бөлүгүнүн ар бир бапынын башталышында тигил же бул бузууларды кароого укугу бар ыйгарым укуктуу органдар аныкталган. Мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдери менен бузуулар боюнча протоколдорду түзүүгө, Кодексте каралган учурларда жаза берүүгө ыйгарым укугу берилген кызмат адамдарын аныкташат жана бузуу иштерин кароого ыйгарым укуктуу комиссияларды түзүшөт. Ошентип, ар бир ыйгарымдуу органда протоколдорду түзүүгө укуктуу кызмат адамдары, жана жасалган бузуулар боюнча материалдарды кароочу жана алар боюнча чечимдерди чыгара турган комиссия бар.

Бузууларды процессуалдык түзүү кандай жүрөт

Бир адам тарабынан бузуу жасалды. Бузууну жасоо факты ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан протоколду түзүү жолу менен аныкталды. Кызмат адамы бузуу жөнүндөгү протоколду түзүүнүн алдында жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга анын укуктарын түшүндүрүшү керек.

▪ өкүлдүн жардамын пайдалануу;

▪ түшүндүрүү берүү же түшүндүрүү берүүдөн баш тартуу жана суроолорго
жооп берүү;

▪ ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын чечимине карата сотко арыз берүү.

Протокол аны түзгөн адам, жана бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам тарабынан кол коюлат. Күбөлөр жана жабырлануучулар болгон учурларда протокол ушулар тарабынан кол коюлат.

Протокол эки даанада даярдалат, бирөөсү тил кат менен бузууну жасагандыгы үчүн
жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга тапшырылат. Ар бир протокол Бузуулардын Бирдиктүү реестрине киргизилет. Протокол түзүлгөндөн кийин кызмат адамы бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдан ал өзүнүн күнөөсүн сезеби, жазана жана эгерде жазана 30 күндүн ичинде төлөнбөгөндүгү үчүн кошуп төлөөлөргө макулдугун билүүгө милдеттүү.

Эгерде адам бузууну жасаган фактыны, ага карата жаза берүүнү жана кошумча укуктук кесепеттерди берүүнү талашпаса, анда бузуулар болуп өткөн жерде токтом кабыл алынып, протокол түзгөн адам тарабынан кол коюлат. Муну менен, бузуулар болуп өткөн жерде кызмат адамы тарабынан кабыла лыынган токтом анын көчүрмөсү бузуучуга берилгенден тартып күчүнө кирет жана ыйгарым укуктуу органда жана сотто даттанууга жатпоосун белгилей кетүү маанилүү. Эгерде адам кызмат адамы колдонууну болжоп жаткан бузуу фактысын же жазана түрүндө жаза берүүнү же болбосо укуктук кошумча кесепеттерди талашса, анда мындай учурда бузуулар болуп өткөн жерде түзүлгөн протокол ыйгарым укуктуу органдын комиссиясына жаза берүүгө тартуу үчүн жөнөтүлөт. Бузуулар жөнүндөгү материалдардын бардыгы келип түшкөндөн кийин, ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы ишти кароонун убактысын белгилеши, адамдарды чакырышы, керектүү материалдарды талап кылышы, ал эми керек болгон учурларда экспертизаны дайындашы керек. Комиссия ишти кароонун алдында ишти ким карап жатат, кайсы иш каралат, ким жана кайсы берененин негизинде бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткандыгын кулактандырат. Андан ары иш боюнча өндүрүшкө катышып жаткандардын инсандыгы аныкталат жана алардын укуктары жана милдеттери аныкталат. Андан кийин бузуу жөнүндөгү протокол баяндалат, керек болгон учурда - иштин башка материалдары угузулат. Иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамдын түшүндүрмөлөрү, бузуулар жөнүндөгү өндүрүш ишине катышып жаткан башка адамдардын, адистин жана эксперттин тыянактары, башка далилдер изилденет.

Иш боюнча чечим кабыл алардан мурда комиссия бузуулар болгондугун, ал адамдын бул бузууну жасоого күнөөлүлүгүн, бул адамдын жоопкерчиликке тартылууга тийиштүүлүгүн белгилеши керек. Бузуулар жөнүндөгү ишти карап бүтүп, комиссия, жаза берүүнү салуу же иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндөгү токтом кабыл алышы мүмкүн.

3 күндүн ичинде токтомдун көчүрмөсү ага карата түзүлгөн адам берген белгиленген дарек боюнча тапшырылат жана жөнөтүлөт.

Токтом даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин, эгерде ал даттанылбаса (10 күн аяктагандан кийин) күчүнө кирет. Комиссия иштин бардык материалдарын 10 күндүн ичинде карап чыгууга милдеттүү.

Коопсуз шаардын алкагындагы бузуу иштерди карап чыгуунун өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетүү зарыл.

Кодекстин 19-бапында каралган бузуулар жана автоматтык режимде иштеген көзөмөл-ченөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен ачылган бузуулар (Коопсуз шаар) учурунда бузуулар жөнүндөгү протокол түзүлбөйт, ал эми бузуулар жөнүндөгү иш боюнча токтом, бузуулар боюнча өндүрүш иши ачылган адамдын катышуусу жок эле түзүлөт, Бузуулар жөнүндөгү токтом кабыл алынган адам ага макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органдын комиссиясына өтүнүч менен кайрылышы мүмкүн. Өтүнүч өзүнө жеке, почта менен же интернеттин маалымат-коммуникациялык түйүнү аркылуу бузуулар боюнча токтомду тапшырган 10 күндүн ичинде берилет.

Эгерде жоопкерчиликке тартылган адам, ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын токтому менен макул болбосо, анда ал аны соттук биринчи инстанцияда даттанууга укугу бар. Бузуу боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсүн тапшырган же аны почта аркылуу жөнөткөн 10 күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

Даттанууну берүү жаза берүүнү салуу боюнча токтомду аткарууну сот тарабынан даттанууну кароого чейин токтотуп турат. Даттану сот тарабынан келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

Судья даттанууну карап, бузуулар жөнүндөгү токтомду өзгөртүүсүз калтырууга же токтомду жокко чыгарууга жана өндүрүштү токтотууга укуктуу. Соттун токтому күчүнө ошол замат кирет. Соттун кабыл алган чечими биротоло болуп саналат.

Токтом күчүнө киргенден кийин, күнөөлү адам ага салынган жазананы төлөөгө милдеттүү. Жазана, жазана салуу боюнча токтом тапшырылгандан бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтомго даттануу учурунда даттанууну канааттандырбоо боюнча калтырууну кабарлоо кабыл алынгандан он беш күндөн кечиктирбестен төлөнүшү керек.

Бул тартиптен алып салуу бар.

Эгерде күнөөлү адам, 19-бапта көрсөтүлгөн бузууну жасаган болсо, 119 - 120-1, 121-беренин 4-бөлүгү, 128 жана 130-135-беренеден тышкары, жазананы салуу жөнүндөгү токтомду алган күндөн 15 календардык күндөн тартып аны төлөсө, анда жазананын көлөмү 50 пайызга төмөндөйт. Жазана каалаган формада – терминал аркылуу, банк картасын пайдалануу менен, байланыш
бөлүмү аркылуу төлөнүшү мүмкүн.

Эгерде адам өз эрки менен 30 күндүн ичинде жазананы төлөбөсө, анда ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы (күнүнө 1% ) өсүм (пеня) төлөө жөнүндө токтом кабыл алат. Жазананы төлөө жана кошуп эсептөөнү салуудан кийин, ыйгарым укуктуу орган өзүнүн жазананы жана кошуп эсептөөнү салуу жөнүндөгү токтомдорун сот аткаруучуга мажбурлап төлөтүү үчүн жөнөтөт. Сот аткаруучу 3 жылдын ичинде жазананы төлөөнү аткартуу боюнча мажбурлап төлөтүүнүн бардык түрлөрүн колдонууга укугу бар. Буларга – кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камоо (арест),
Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетүүгө тыюу салуу жана дагы башка «Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү» Мыйзамда каралган башка дагы чаралар кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/irina-letova-administrativdik-ukuk-bul-chinovniktin-kyzmat-adamynyn-zharandyn-aldyndagy-zhoopkerchiligi



Добавить комментарий