Иордания: Университет контрагын кийинкиге жылдыруудан баш тартканы үчүн студент өзүн өрттөп жиберди

16 сентябрь 2020 17:38 612 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Иорданиялык студент жеке университеттин алдынан өзүн-өзү өрттөп жиберген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, окуу жайдын жетекчилиги студенттин контрагын төлөө мөөнөтүн узартып берүүдөн баш тарканы себеп болгон.

Коопсуздук кызматы жана жарандык коргонуу кызматкерлери окуя болгон жерге келип, жигитти ооруканага алып кетишкен.

Билим берүү министрлиги бул ишти жеке көзөмөлүнө алып,  Аль-Исра университинин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүүдө. Окуянын чоо-жайын университеттин жетекчилигинен такталып жатат.

"Бул окуянын келип чыгуусун изилдеп, келечекте  мындай кайгылуу көрүнүштөр кайталанбаш үчүн алдын алышыбыз керек", - деди министрлик.

Студент дароо Аль Башир ооруканасына, андан соң Аль-Хуссейн медициналык шаарчасындагы Фарах күйүк бөлүмүнө жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/iordaniya-universitet-kontragyn-kijinkige-zhyldyruudan-bash-tartkany-chn-student-zn-rttp-zhiberdi



Добавить комментарий