Интимдик эрежени сактоо боюнча гинекологдон кеңештер
1-эреже
Дененин жыныстык бөлүгүн жууда кадимки эле косметикалык самынды колдонууга болбойт. Анткени, анын курамындагы химиялык заттар жыныс органдарында жараат пайда кылып, аллергия болушу мүмкүн. Азыр көпчүлүк душка түшкөндө суюк түрдөгү самындарды колдонуп жатат. Ал жыныстык органды нымдаштырып, жагымсыз суюктукту пайда кылат. Суюктуктун нормадан көп бөлүнүп чыгуусу жыныстык органда бактериялардын байырлашына жакшы шарт түзүп, сперматозоиддердин жайгашуусуна такыр мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан, жыныстык органды жууга чыгарылган атайын каражаттарды гана колдонуу керек. Алар жыныстык органдагы бактерияларды жок кылууга ылайыкташкан. Ошондой эле эскерте кетчү нерсе, жыныстык катнашта колдонулуучу гелди көпчүлүк айымдар жыныстык органдагы ар кандай ооруларды айыктырат деп ойлошот, бул туура эмес. Эгер жыныстык органда суюктук нормадан көп бөлүнүп чыгып, кычышып ооруса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек.
2-эреже
Жыныстык органды күнүнө бир жолу жууп, тазалоо керек. Эгер үйдө андай шарт жок болсо, атайын антисептикалык ласьон сиңирилген салфетканы колдонуу керек. Анын курамында пайдалуу майлар, дары чөптөр болгондуктан, жыныстык органды жарааттан сактайт. Мындай салфеткаларды ар кайсы жерден сатып алууга болбойт, дарыканалардан гана алуу коркунучсуз.
3-эреже
Айыз келген учурда төшөөчү кездемени сөзсүз түрдө ар бир төрт саат сайын алмаштырып туруу керек. Анткени, булганган кездеме бактериялардын баарын өзүнө жыйнап алат да, көпкө алмаштырылбай калса, андагы бактериялар жыныстык орган аркылуу ичке кирип кетиши толук мүмкүн. Азыр төшөөчү кездемелердин да түрү көп: Жагымдуу жыттуу, жөнөкөй. Аллергиясы бар айымдар жөнөкөйүн эле колдонгондору оң. Анткени, жыттуусу аллергия пайда кылуусу да мүмкүн. Ошондой эле айымдар боюнда бар кезде тазалыкка абдан көңүл буруусу керек. Анткени, кош бойлуу учурда жыныстык органдар аркылуу бактериялар бат эле кирип кетиши мүмкүн.
4-эреже
Айыз келгенде колдонуучу кездемелер 1,2,3,4,5,6 тамчылуу деп бөлүнөт. Айыз алгачкы келген күндөрү 4-5 тамчылуусун, кийинки күндөрү 2-3 тамчылуусун колдонуу керек. Ал эми бир тамчылуусу айыз келбеген учурда деле бөлүнүп чыккан суюктук үчүн колдонулат. Төшөлүүчү кездеменин сыртында 6 тамчылуу деген жазуусу бар болсо, алар түндө колдонууга ылайыкталган. Айта кетчү нерсе, жакында курамында дары чөптөр бар айыз келгенде төшөөчү кездемелер сатыкка чыкты. Алар айыз циклинин бузулуусунан, жыныстык органдарда пайда болуучу ар кандай жарааттардан, геморройдон сактайт.
5-эреже
Айымдар, эсиңиздерде болсун, тампонду айыздын биринчи күнүндө гана колдонууга болот. Ошондо дагы ар эки саат сайын алмаштыруу абзел. Эгер тампон өз убагында алмашылбаса, жыныстык орган кургап, коркунучтуу оорулар пайда болушу толук мүмкүн. Эскерте кетчү нерсе, жатын моюнчасында жарааты бар айымдар тампон колдонбой эле койгону оң.
6-эреже
Ошондой эле ар кандай бактериялардан коргонуу үчүн атайын жыныстык органдарга колдонулуучу кремдер бар. Бул кремдерди айрыкча көлгө, бассейнге түшөөрдө колдонсо, оору пайда кылуучу бактерияларды жолотпойт. Ошондой эле бул кремдердин лубрикант түрүндөгүсүн жыныстык катнашка бараар алдында колдонсо, жыныстык орган жумшак, жылмакай болуп, бактериялардан коргойт. Бул айрыкча кырк жаштан өткөн айымдар үчүн жакшы. Анткени, жаш жогорулаган сайын гормондор өзгөрүүгө дуушар болот.
7-эреже
Айымдар үчүн дагы бир негизги нерсе, ич кийим алаарда анын кездемесине, түзүлүшүнө аябай көңүл буруу зарыл. Азыр көпчүлүк айымдар жамбашына жабышып турган, "карандаш" ич кийимге басым жасашууда. Туура, анын сулуу, жагымдуу көрүнүшүндө сөз жок деңизчи, бирок, жамбашка жабышып турган ич кийим жыныстык органдын аба менен камсыз болуп туруусуна тоскоол болуп, кан айланууну бузат. Ал эми ичке жип сыяктуулары жыныстык органга бактерияларды жыйноочу кызмат аткарат десек да болот.Эң жакшысы, ич кийим табигый кездемелерден тигилгени оң. Ал дененин эркин жана аба менен камсыз болуусуна жакшы шарт түзөт. Ал эми синтетика абаны өткөрбөй, жыныстык органда ар кандай ооруну пайда кылат.
Ссылка: https://barometr.kg/intimdik-erezheni-saktoo-boyuncha-ginekologdon-keeshter
Добавить комментарий ×