Интернетте талкууланып жаткан Ноокаттагы мектепте 1 окуучу окуп, бир мугалим сабак берет
Бөлүшүү:
Интернетте талкууланып жаткан Ноокаттагы мектепте 1 окуучу окуп, бир мугалим сабак берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Ноокат районундагы Жаңы Ноокаттагы мектеп кечээ интернетте талкууланып жаткан. Мен аны сүрүштүрүп көрсөм, ал жакта мектеп жок, бир үйдү ижарага алышыптыр. Бүгүн ал мектепте бир окуучу окуйт, бир мугалим иштейт. Калган окуучулар кетип калышыптыр. Ошондуктан ошол окуучуну Жаңы Ноокатка жакын аймактагы жатак интернатка которуш керек. Ал жерде мектепке муктаждык жок, бир окуучу үчүн мектеп курган натыйжа болбойт”, - деди Зулпукаров.
Добавить комментарий ×