Интернетке тараган балдардын мушташы Кыргызстанга жана кыргыздарга тиешеси жок
Бөлүшүү:
Интернет булактарына жаш балдардын арасында мушташ чыкты деген маалымат тарады. Айрым маалымат булактарында окуя Ош шаарынын Амир-Темир (10 адыр) кичи районунунда болгон деп жалган маалыматтар тарап кеткен. Ош шаардык ОИИБнын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, окуя Өзбекистандын Наманган облусунун Норин районуна караштуу Курганча айылында болгон мушташ экендигин кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын 24-декабрында өзбек жаштарынын арасында болуп, тиешеси бар жарандар кармалган.
Окуя Кыргызстанга, кыргыздарга тиешеси жок.
Добавить комментарий ×