Индонезиядагы Бали аралына жакын жерде катуу жер титирөө болду
Индонезиядагы Ломбок аймагындагы жер титирөөдөн улам 14 киши каза болуп, 143төй киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми 1000 ден ашык адам турак-жайсыз калды. Бул туурасында Америкалык телеканал CNN билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн күчү 6.4 баллга жетип, титирөө жергиликтүү убакыт менен алганда 29-июлда Индонезиянын Ломбок аралында,таңкы саат 5:45тер чамасында болгон. 140 чакырым алыстыкта жайгашкан бали аралына дагы силкинүүнүн толкундары жеткен.
Ломбоктогу мейманкананын ээсинин айтымына караганда мындай катуу жер титирөөнү ал ушул аймактарда биринчи жолу сезип жатат. Анын айтымында алгач 20 секунддай чайпалып турган. Бассейндеги суу чоң толкун болуп толкуган.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyadagy-bali-aralyna-zhakyn-zherde-katuu-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×