Индонезия, Таиланд жана Вьетнамдагы КРдин 32 жараны мекенине келди
Индонезиядан (Бали), Таиланддан (Бангкок) жана Вьетнамдан (Ханой) Кыргызстандын 32 жараны кайтып келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Жарандардын кайтып келиши "Бангкок - Денпасар-Ханой - Усть-Каменогорск" каттамы боюнча коммерциялык чартердик рейсти уюштурган Казакстандын өкмөтүнүн жардамы менен жүргүзүлдү.
"Учурда белгиленген тартипте келгендердин бардыгы медициналык мекемелеринин биринде байкоого (обсервацияга) алынды. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана көмөгү менен кайтарып берүүнү уюштуруу боюнча иштер улантылууда", - деп айтылат кабарда.
Андан сырткары жакында эле, Түркиядан Кыргызстандын 200дөн ашык жараны кайтып келди. Ошону менен катар Бириккен Араб эмирлигиндеги жарандарды алып келүү аракеттери көрүлүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziya-tailand-zhana-vetnamdagy-krdin-32-zharany-mekenine-keldi
Добавить комментарий ×