Индияда жолдо баратып эле кулаган кишилердин видеосу тарады
Индиянын түштүк батышында жайгашкан Вишакхапатнам районундагы химиялык заводдан уулуу газ чыгып, ишканага жакын жерде жүргөн кишилер эсин жоготуп жыгылды. Айрым маалыматтар боюнча 10 киши каза болуп, 5 миңден ашык киши жабыркады
Times of India басылмасынын жазышынча, каза болгондордун арасында эки карыган киши, эки аял жана бир жаш бала бар.
Уулуу газ LG Polymers ишканасынан чыккан. Уулуу газдын кесепетинен көчөдө кетип бараткан кишилер эсин жоготуп, турган жеринен жыгылып башташкан. Жаратылыш кырсыктарына каршы аракеттенүү боюнча Улуттук күчтүн бөлүмдөрү заводго жакын жашаган кишилерди башка жактарга көчүрдү.
Штаттын өнөр жай министри Андхра Прадеш Мекапати Гутам Редди ишкана жоопкерчиликке сөзсүз тартыла турганын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-zholdo-baratyp-ele-kulagan-kishilerdin-videosu-tarady
Добавить комментарий ×