Индияда топтошкон элди поезд тебелеп кетти
Индиянын Амритсар шаарында топтошкон элди поезд тебелеп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор видеого тартып Твиттер социалдык баракчасына жүктөштү. Ал эми ББС дүйнөлүк кызматынын расмий берген маалыматына ылайык, кырсыктан 60тай киши мерт кетип, 100дөн ашыгы ар кандай жаракаттарды алышты.
Ошол күнү Индия эли жамандыкты жакшылык женген кун деп аталган "Дуссер" майрамын майрамдап жатышкан. Фейерверктерди көрүп, чөнтөк телефондоруна фестивалдын видеолорун тартып жатышып, поезддин жакындан келип калгандыгын чогулган эл байкабай калган. Алардын айтымында жыл сайын эле бул майамды жергиликтүү эл темир жолдун боюнда тосушчу.
Индия өкмөтү жабыркагандарга колдон келген жардамын көрсөтүп, оор жаракат алгандарды аман алып калууга болгон аракетин жумшаарын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-toptoshkon-eldi-poezd-tebelep-ketti
Добавить комментарий ×