Индияда леопард 35 күндө 12 адамды өлтүрүп, снайпердин огунан да качып кетти

18 декабрь 2020 16:58 7009 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын Махараштра штатында адам жеген леопард 35 күндө 12 адамды өлтүрдү. Бул тууралуу India Today басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жаныбардын изине караганда, бардык чабуулдар бир эле жырткыч тарабынан жасалган. Бир ай бою ал үч күн сайын адамдарды өлтүрүп турган. Тегеректеги айылдардын тургундары коркуп жашап калышкан жана үйлөрүнөн чыкпоого аракет кылышат.

Жырткычты кармоо үчүн мамлекеттик токой чарба департаменти өзүнүн тарыхындагы эң ири операциялардын бирин өткөрдү. Департаменттин айтымында 80 адам леопарды кармоого тартылып, токойго 18 капкан жана 35 видеобайкоочу камералар орнотулду. Бирок, жырткыч качып кетүүгө үлгүрүп, адамдарга кол салуусун улана берген.

Жырткычты кармоого мүмкүнчүлүк болбогондо, аны өлтүрүүгө буйрук беришкен. 11-декабрда Махараштра токой чарба департаменти кесипкөй ок атуучу Харшвардхан Таваре аттуу снайперин алып келген. Алар анын изине түшүп, ок чыгарышкан, бирок, леопард качып кетүүгө үлгүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-leopard-35-knd-12-adamdy-ltrp-snajperdin-ogunan-da-kachyp-ketti



Добавить комментарий