Индияда куш тумоосу кескин башталып, миңдеген канаттуулар өлүп жатат
Акыркы он күндүн ичинде Индия боюнча канаттуулардын массалык өлүмү катталды. Он миңдеген канаттуулар куш тумоосунан каза болушту. Бул тууралуу Индиянын NDTV телеканалы жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Мисалы, Кералада (Индиянын түштүк-батышында) штаттын бир нече шаарларында вирустун очоктору табылгандан кийин кеминде 24 000 канаттуу өлгөн. Өлкөнүн түндүгүндө (Химачал-Прадеште) бул инфекциядан 2 700дөй канаттуу өлгөн жана алар негизинен тоо каздары болгон.. Ал эми Мадхья-Прадеште бир нече жүз карга куш тумоосунан өлгөн.
Инфекция Раджастандын үч районунда - Джалвар, Кота жана Баранда табылды. Ал жерде буга чейин 625 куш өлгөн. Ал эми Харьянада өлгөн канаттуулардын үлгүлөрү текшерилип, жыйынтыгында он күндүн ичинде болжол менен 400,000 үй жана жапайы канаттуулар кырылганы маалым болду.
Өлкөнүн жабыр тарткан региондорунун бийликтерине канаттуулардын күтүүсүздөн өлүп калганы жөнүндө тезинен кабар берип, ыкчам иштөөгө буйрук берилди. Абалды көзөмөлдөө үчүн атайын топтор түзүлдү. Улуттук сейил бактар жана коруктар да алдын-алуу чараларын көрүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-kush-tumoosu-keskin-bashtalyp-midegen-kanattuular-lp-zhatat
Добавить комментарий ×