Индияда ковидден каза тапкандардын сөөгү Ганг дайрасында агып жатат

29 июнь 2021 10:15 4584 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын түндүгүндө ковидден каза тапты деп болжолдоп жатышкан адамдардын сөөктөрү ыйык деп эсептелген Ганг дайрасына калкып чыкты. Бул тууралуу euronews.com кабарлады.

Жергиликтүүлөр жээкке ыргытылган ондогон сөөктөр тууралуу айтышууда. Алар мезгилдүү суу ташкыны тез арада көмгөн анча терең эмес көрүстөндөрдү жууп кеткен же дайрага ташталган сөөктөр калкы чыккан деп эсептешүүдө. Учурда бийлик сөөктөрдү өрттөө ишин колго алды, мисалы Аллахабад шаарында мындай 150дөй сөөк өрттөлдү.

 Жергиликтүү аткаминер Нирадж Кумар Сингх буларга токтолду: “Биз сууга калкып чыккан сөөктөрдү кремация кылабыз. Мындай денелер бир чакырымдай жерге созулуп жатат. Биздин алдын ала божомолубузга караганда бул жерге 500-600дөй адам жасаты ташталган.Тажия ырым-жырымын жасоодо баардык сактык чаралары колдонулууда”,-дейт ал.

Сууга агып жаткан сөөктөр жазында коронавирустан каза тапкандардыкы болушу мүмкүн дешүүдө. Көп үй-бүлөлөр аларды өрттөй албай калып Ганг дайрасына салып жиберишкен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-kovidden-kaza-tapkandardyn-sg-gang-dajrasynda-agyp-zhatat



Добавить комментарий